Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Айдоочу орой мамиле кылса эмне кылуу керек? Юристтин кеңеши

© Sputnik / Асель СыдыковаРуководитель Ассоциации юридических клиник Артур Бакиров
Руководитель Ассоциации юридических клиник Артур Бакиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2021
Жазылуу
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров коомдук транспорттун айдоочусу орой мамиле кылса, жоопкерчиликке тартса болорун айтты.
Айдоочу орой мамиле кылса эмне кылуу керек? Юристтин кеңеши
Таксист орой мамиле кылса жоопкерчиликке тартуу үчүн аны далилдөө зарыл. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мындай учурда тартиптик жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүн.
"Такси же коомдук транспорттун айдоочусу орой сүйлөп, урушса, маскараласа аны далилдөө зарыл. Ал үчүн видео, күбөлөрдүн көрсөтмөсү жана башка далилдер тиркелет. Кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тийиштүү далилдер менен милицияга кайрылуу шарт. Ички иштер органдары кандай учур болбосун карашат жана бул нерсе укук бузуу экендигин аныкташат", — деди Бакиров.
Юрист орой айдоочуну тартип жоопкерчилигине тартуу үчүн транспорттук мекеменин жетекчилигине кайрылуу керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0