Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ибраев: бир жоокердин күнүмдүк тамак-ашы 200-210 сомго бааланат

© Sputnik / Асель СыдыковаКоргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары, полковник Акылбек Ибраев
Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары, полковник Акылбек Ибраев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2021
Жазылуу
Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары, полковник Акылбек Ибраев 1-апрелден тарта күч түзүмдөрүнүн өздүк курамынын тамактануусу кыйла жакшыра турганын маалымдады.
Ибраев: бир жоокердин күнүмдүк тамак-ашы 200-210 сомго бааланат
Жоокерлердин күнүмдүк рационунун баасы 120-130 сомдон 200-210 сомго чейин жогорулатылды. Бул тууралуу Акылбек Ибраев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, азык-түлүк өлчөмүнүн бекитилгенинен бери 18 жыл өткөн.
"КРдин Куралдуу Күчтөрүндө жана башка күч түзүмдөрүндөгү катардагы жоокерлер үчүн бир токтом менен бекитилген азык-түлүк өлчөмү колдонулуп келген. Үстүбүздөгү жылдын 16-февралында килокалориясы жакшыртылган азык-түлүк нормасы бекитилди. 1-апрелден тарта КРдин куралдуу күчтөрүнүн катардагы жоокерлери, ЖАМКтын, ӨКМдин, УКМКнын, Мамлекеттик чек ара кызматынын жана ИИМдин ички аскерлеринин өздүк курамынын тамактануусу жакшырат. Мында курамы өзгөрүп, тамак-аштын жаңы түрлөрү киргизилди. Ал эми айрымдарынын өлчөмү жогорулатылды. Буга чейин жоокерлердин бир күндүк тамактануусунун баасы 120-130 сом болсо, эми 200-210 сомго чейин жетет. Анда эт, балык, макарон, суу майдын өлчөмү көбөйтүлдү. Мындан тышкары, ышталган колбаса, сыр, коюлтулган сүт, жумуртка жана жайкысын жер-жемиш, ал эми кышкысын анын ширеси кошулду", — деди Ибраев.
Полковник тамактардын рационун бекитүү үчүн атайын комиссия тарабынан изилдөө жүргүзүлгөнүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0