Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жуматаев: ЕЭК илимди интеграциялоо үчүн бирдиктүү фонд түзүшү керек

© Sputnik / Асель СыдыковаУлуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаев
Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2021
Жазылуу
Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаев Кыргызстанда илим финансылык маселеден улам артта калганын айтты.
Жуматаев: ЕЭК илимди интеграциялоо үчүн бирдиктүү фонд түзүшү керек
Евразия экономикалык комиссиясынын алдында илимий-техникалык кеңеш түзүлгөн. Үстүбүздөгү жылдын 17-февралында Москва шаарында аталган кеңештин президиумунун экинчи отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Мурат Жуматаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, иш-чарада академик ЕАЭБ өлкөлөрүнүн инновациялык экономикасын өнүктүрүү стратегиясына өтүү шартында илимий техникалык кеңештин мааниси жөнүндө презентация жасаган.
"Буга чейин мамлекет жетекчилерин декабрь айындагы кабыл алуусунда ЕЭКтин интеграциясынын негизги стратегиялык багыттары кабыл алынган эле. Экинчи отурумда бул боюнча талдоо болду. Стратегиялык 11 приоритеттүү багыт бар. Анын сегизинчи багыты илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү интеграциялоо жөнүндө болчу. Биздин ЕЭКке киргенибизге беш жыл болуп калды. Анда мыйзамдарды бир нукка түшүрүп, бардык кагаз иштерин бирдей кылуу үчүн көп чечимдер кабыл алынган. Бирок бул чечимдерди ар бир өлкө ар башка түшүнүп, иш алып барууда. Илимий техникалык кеңештин түзүлүшүнүн себеби мына ушунда болуп жатат. Мунун алдында эксперттик кеңеш түзүлүп, ага ар бир өлкөнүн окумуштуулары кирди. Бардык багыттар боюнча аткарыла турган долбоорлор ушул жерде талкууланып, комисиянын алдынан өтүп, анан төрагага бериле турган болду. Мени кызыктырган нерсе, сегизинчи багыт илимий мекеменин интеграциясы болуп турат. Чын-чынына келгенде 30 жылдан бери Кыргызстанда илим финансылык маселеден улам артта калды. 16 жылдан кийин гана президент Илимдер академиясына келип кабар алды. Ал киши өкмөттүк чечимдер илимге негизделиши керек деп айтып, окумуштуулардын көңүлүн көтөрүп кетти. Бул отурумда да биз аябай чоң үмүт менен келгенибизди, ЕЭКтен чоң колдоо күтүп жатканыбызды айттым. Комиссиянын негизги максаты экономиканы теңдөө эмеспи. Экономика качан гана бардык мамлекеттин илим тармагы бирдей өнүккөндө теңелет. Ошондуктан илимий иштердин аткарылышынын механизми керек. Болбосо мурдагыдай эле иш улана берет", — деди Жуматаев.
Академик отурумда ЕЭК илимди интеграциялоо үчүн бирдиктүү фонд түзүп, илимий долбоордун маанилүүлүгүнө жараша каражат берилип, анан ишке ашырылышы керектиги тууралуу ачык айтылганын кошумчалады.
Толук вариантын төмөнкү шилтемеден угуңуздар:
Жаңылыктар түрмөгү
0