Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абакиров: айыл өкмөттөрдү бириктирип аким, губернаторлорду жоюш керек

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономика министринин мурдагы орун басары, экономист Элдар Абакиров
Экономика министринин мурдагы орун басары, экономист Элдар Абакиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2021
Жазылуу
Экономика министринин мурдагы орун басары, экономист Элдар Абакиров аймактарда элдин ишенимине кирген бийлик келсе инвестиция тартууда жеңил боло турганын белгиледи.
Абакиров: айыл өкмөттөрдү бириктирип аким, губернаторлорду жоюш керек
Жергиликтүү бийликти борбордон ажыратуу саясаты жүргүзүлүшү керек. Мындай пикирин Элдар Абакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Sputnikтен сүйлөйбүз" программасынын жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, өкмөттө элди алдыга сүйрөй турган кадрлар болушу шарт.
"Кыргызстанда жумушун начар аткарган кадрлардын иштешине жол берилбеши керек. Кесипкөй адистер өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошушу зарыл. Учурда өлкөдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын реформалоого муктаж. Алсак, жергиликтүү башкарууну борбордук бийликтен ажыратуу саясаты жүргүзүлсө туура болот. Аким, губернатор дегендерди жоюп, жергиликтүү бийликтин макамын, жоопкерчилигин, укугун жогорулатып, ал өкмөт менен түз иш алып баруусу зарыл. Учурда өлкөдө 40тан ашуун район, 400дөн ашык айыл өкмөт бар. Алардын ичинен чакан айылдарды бириктирип, саны эки-үч эсеге кыскартылышы керек", — деди Абакиров.
Ошондой эле ал жергиликтүү калк түз шайлоо аркылуу ошол аймактагы бийликти тандап алышы керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0