16:47 02 Жалган Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.8113
  • EUR101.7905
  • RUB1.1373

Аманова: бизде коомчулук туура тамактануу дегенди башкача түшүнөт

Радио
Кыскача шилтеме алуу
90 0 0

"Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануунун сапатын жогорулатуу" коомдук бирикмесинин адиси Калида Аманова сапаттуу тамактануу дегенди көпчүлүк туура эмес түшүнөрүн айтты.

Аманова: бизде коомчулук туура тамактануу дегенди башкача түшүнөт

25 диаметрлик табактын мисалында ала турган болсок, аны төрткө бөлөбүз. Ал жакта бирдей өлчөмдө күрүч, гречка сыяктуу дан азыгы, экинчисинде жашылча-жемиш жана ушундай эле көлөмдө эттин түрлөрү болушу керек. Мына ушул туура жана сапаттуу тамактанууга кирет. Бул тууралуу Калида Аманова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, чоң кишилер суткасына эки ирет тоё тамактанышы шарт.

"Бизде сапаттуу тамактануу десе эле калориясы көп, майлуу, эттүү азыктарды түшүнөбүз. Бирок адам күнүнө жок дегенде 400 грамм жашылча-жемиш жеп турушу керек. Анан аны да тамак-ашка түрлөп кошуу зарыл. Мисалы, түштөнүүдө жеген жашылчаларды, кечки тамакка кошпош керек. Кечинде башка түрлөрүн колдонгон туура болот. Түсү бирдей жашылча-жемиш көбүнесе бир түрдүү витаминдерди беришет. Андыктан сары сабиз, кызылча же баклажан сыяктуу бири-биринен айырмаланган жашылчаларды бир учурга кошуп тамактануу пайдалуу. Ошондой эле эртең менен жеңил азыктарды жеп, түштө жана кечкисин тоё тамактанса болот", — деди Аманова .

Адис жашылча-жемишти салат катары гана колдонуп койбой, эт менен кошо жегенди өздөштүрүү зарылдыгын кошумчалады.

Тема боюнча

Калориялуу азыктар кошулду. КР аскерлеринин тамак-аш рациону өзгөрдү. Сүрөт
Белгилер:
Калида Аманова, рацион, туура тамактануу, сапат

ЭҢ МААНИЛҮҮ