Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Молдалиев: Taurus сыйлыгын реалдуу кагылышты чагылдырганыбыз үчүн алдык

© Sputnik / Асель СыдыковаБелгилүү каскадер, КРдин Панкратион федерациясынын президенти, Казакстан жана Россия каскадёрлор ассоциациясынын мүчөсү Эдил Молдалиев
Белгилүү каскадер, КРдин Панкратион федерациясынын президенти, Казакстан жана Россия каскадёрлор ассоциациясынын мүчөсү Эдил Молдалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2021
Жазылуу
Белгилүү каскадер, КРдин Панкратион федерациясынын президенти, Казакстан жана Россия каскадёрлор ассоциациясынын мүчөсү Эдил Молдалиев Nomad Stunts эл аралык каскадерлор тобунда 15тей кыргыз жигит эмгектенерин айтты.
Каскадерлор тобунун кино тармагында жүргөнүнө көп болду. Совет доорунан бери иштеп келген устатыбыз Үсөн Кудайбергенов баштаган жолду улантып келе жатабыз. Ал КМШ өлкөлөрүнүн, алыскы мамлекеттердин киностудияларында, чоң долбоорлордо эмгектенди. Бул тууралуу Эдил Молдалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Молдалиев: Taurus сыйлыгын реалдуу кагылышты чагылдырганыбыз үчүн алдык
Анын айтымында, Султан, Сатар Дыйканбаев деген эки бир тууган актерлор өлкөдө 90-жылдары каскадерлор студиясын ачкан.
"Алгач Кыргызстанга Болливуд келген эле. Индия киносунун белгилүү чебери Радж Капурдун уулу Шаши Капур тарткан "Кара ханзаада Аджубей" тасмасында тартылдык. Андан кийин Голливуддан Ричард Тайсон сыяктуу актерлор катышкан, Италиянын компаниясы тарткан "Чыңгыз хан" тасмасына катыштык. Ошону менен кыргыз кино тармагы аксады. Каскадерлор эрежесиз эр уруш, панкратионду уюштуруп жүрдүк. Кийин Казакстандын киноиндустриясы жанданып, тасмага тартыла баштадык. Казактын атагы чыккан каскадеру Жайдарбек Кунгужинов Nomad Stunts тобун түздү. Бул топко да кыргыз жигиттери кошулду. Ошентип Кытайдын "Монгол", Тимур Бекмамбетовдун "Дневной дозор" тасмасына тартылдык. Ошол лентада дубалды ат жарып кирген сценасын коюп, Азиянын чабандес жигиттери деп бир дүңгүрөгөн элек. "47 ронинов" картинасында япон актерлорунун дублеру болдук. Франция, Малайзияда киного тартылдык. Биздин жигиттер Кытайдын "Мулан" тасмасында катышты. Акыркы учурларда казактардын тарыхый тасмалары чыга баштады. Аларда да байма-бай роль жаратабыз. Акыркы биз катышкан "Томирис" тасмасы Акан Сатаевдин режиссерлугунда болду. Анда перстер менен сактардын чабуулун ойнодук. Ошентип каскадерлордун "Оскары" болгон Taurus кино сыйлыгын биздин эл аралык топ алды. Биз башка тасмалардан айырмаланып, компьютердик графиканы колдонгон жокпуз. Согуш сценасында атчандар, актерлор, арасында каскадер аялдар да көп болду", — деди Молдалиев.
Каскадер Taurus кино сыйлыгын учурунда Арнольд Шварценеггер, Сильвестр Сталлоне, Киану Ривз, Марк Дакаскос алганын, жалпысынан 30дан ашык тасмаларга катышканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0