Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жаанбаев: айыл чарбада ар бир сорттун модасы бар

© Sputnik / Асель СыдыковаБагбанчылык боюнча адис Медербек Жаанбаев
Багбанчылык боюнча адис Медербек Жаанбаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Жазылуу
Багбанчылык боюнча адис Медербек Жаанбаев айыл чарбада сортту туура тандоо ийгиликтин 50 пайызын түзөрүн айтты.
Жаанбаев: айыл чарбада ар бир сорттун модасы бар
Айыл чарбада ар бир сорттун модасы бар. Мисалы, мөмө-жемиш бактарынын сортунун популярдуулугу 10 жылга чейин созулат. Бирок азыр илимдин, техниканын өнүгүшү менен тез-тезден жаңы сорттор чыгууда. Мындай пикирин Медербек Жаанбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.
Анын айтымында, дүйнөлүк экономикага чыгыш үчүн бирдей сапаттагы түшүм алышыбыз керек.
"Түшүмдүүлүктүн негизин сорт түзөт. Мисалы, мөмө-жемиш бактарында, жашылча өстүрүүдө ийгиликтин 50 пайызын туура тандалган сорт аныктайт. Айыл чарбада ар бир сорттун модасы бар. Алсак, мөмө-жемиш бактарында 10 жылдын тегерегинде болот. Акыркы жылдары илимдин, техниканын өнүгүүсү менен тез-тез жаңы сорттор чыгууда. Өзгөчө, шабдалы, өрүктөрдө сорт бат алмашат. Ал эми мисте, жаңгакка окшогон түрлөрдө бул процесс жайыраак жүрөт," — деди Жаанбаев.
Ошондой эле багбан сапаттуу көчөттөрдү, сортторду көбөйтүп, билимдүү адистер менен чогуу иш жүрсө дүйнөлүк рынокко аралашуу тез болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0