Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Аширова: бир учурда беш каармандын образын ачкан учурлар болот

© Sputnik / Табылды КадырбековРежиссер студии переводов КТРК "Доолот" Айнаш Аширова
Режиссер студии переводов КТРК Доолот  Айнаш Аширова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Жазылуу
КТРКнын "Дөөлөт" котормо студиясынын режиссёру Айнаш Аширова кичинесинде милиционер болууну каалаганын айтты.
Советтер Союзунда компартияга мүчө болсо жакшы мүмкүнчүлүктөр болор эле. Ошол кезде милиция кызматына кастинг жарыяланып, кабыл алындым. Мына жумушка киришем деген кезде ооруп, операция болдум. Андан кийин офицер аял "денеңизге бычак тийип калган экен, бизге ден соолугу чың кызматкер керек" деп иштей албай турганымды айтты. Бул тууралуу Айнаш Аширова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Аширова: бир учурда беш каармандын образын ачкан учурлар болот
Анын айтымында, режиссер мультфильмде 1500гө жакын, кинодо 3000ден ашуун үн коштогон.
"Мектепте окуп жүргөндө эле ыр-бийге шыктуу элем. Караколдогу элдик театрга жумушка орношуп режиссер болуп эмгектендим. Кенже балдарга ийримде бийден сабак бердим. Ошентип концерттерге, иш-чараларга активдүү катыштым. Андан соң куурчак театрына келип, 17 жыл иштедим. 1994-жылы КТРдеги "Рабаят" деген балдарга арналган көрсөтүүгө жумушка орноштум. Бара-бара долбоорлорду ача баштадым. "Бөбөк, сенин жомогуңду" балдарга тартууладык. Эң алгач "Ну, погоди!" мультфильминде коёндун үнүн коштогон элем. Андан соң "Жөн эле", "Простоквашино" мультипликациясын котордук. Ошентип Орозбек Мусакеев "Дөөлөт" үн коштоо студиясын ачты. Башында мультфильмдерде жалаң эле менин үнүм эле. Бир учурда беш каармандын образын ачып берген учурлар болду. Азыр студияга кичинекей балдарды тартып баштадык. Кантсе да баланын үнү жагымдуу, табигый болот экен", — деди Аширова.
Артист балдарды кичинесинен үн коштоого үйрөтүп, Кутман Сапуев, Гүлзар, Канат Дилдедосовдорду, Алия, Аделя Кудисоваларды тарбиялап чыгарганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0