Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Шамшиев: чет мамлекетке кетүүнү каалагандардын көбөйүшү өкүндүрөт

© Sputnik / Асель СыдыковаЭксперт по миграции Улан Шамшиев
Эксперт по миграции Улан Шамшиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Жазылуу
Миграция маселеси боюнча серепчи Улан Шамшиев өлкөнүн эмгекке жарамдуу калкынын саны 2,5 миллион болсо, анын 1 миллиону сырткы миграцияда жүргөнүн айтты.
Учурда кыргыз жаштарында орто мектепти аяктаары менен чет мамлекетке кетип иштөөнү максат кылгандар көбөйдү. Бул, албетте, өкүнүчтүү. Мындай пикирин Улан Шамшиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Шамшиев: чет мамлекетке кетүүнү каалагандардын көбөйүшү өкүндүрөт
Анын айтымында, өлкөдө калып ишке орношууда айлык маянасы азыраак болгону менен башка көптөгөн жакшы жактары болорун калк арасында жайылтуу зарылчылыгы жаралды.
"6 миллион кыргызстандыктын 2,5 миллиону эмгекке жарамдуу болсо, анын 1 миллиону сырткы миграцияда жүрөт. Тиешелүү министрлик жыл сайын 27-30 миңдей адамдын ишке орношуусуна көмөк көрсөтөт. Бирок бул жетишсиз. Ошондуктан сырткы миграция актуалдуу бойдон калууда. Дагы башка бир билинбеген чоң көйгөй, бул азыркы жаш муун орто мектепти аяктаары менен чет мамлекетке ишке орношууга умтулушат. Алар өлкө ичиндеги мүмкүнчүлүктөрдү байкашпайт, кабыл алгылары да келбейт. Ооба, Кыргызстанда калып иштесе айлык акысы азыраак болушу ыктымал, бирок жакындары жанында болот, чет мамлекетте жаралчу башка көптөгөн маселелерден оолак болушат. Тилекке каршы, муну ар бир үй-бүлөдөн тартып республикалык деңгээлде жайылткан иш-чаралар жүргүзүлбөй келет", — деди Шамшиев.
Серепчи сырткы миграция менен күрөшүүдө бир эле жумуш орундарын түзүү эмес, идеологиялык да маселелерди эске алуу керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0