Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абакова: "эл эмне дейт" түшүнүгүнө "жок" дей албаган адамдар көп тушугат

© Sputnik / Табылды КадырбековПсихолог Айдана Абакова
Психолог Айдана Абакова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2021
Жазылуу
Психолог Айдана Абакова "эл эмне дейт" түшүнүгү менен жашагандар көбүнесе бактысыз болорун айтты.
Абакова: "эл эмне дейт" түшүнүгүнө "жок" дей албаган адамдар көп тушугат
Бардык нерсе ойдон жаралат. Эл эмне дейт деп сарсанаа болуунун түпкү көйгөйү да ойдон келип чыгат. Мындай адамдарды көбүнесе бала кезинен ошентип ойлогонго тарбиялап коюшкан. Мындай пикирин Айдана Абакова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, баланы кичинекей кезинен башкалардын пикирин сыйлоого, бирок өз каалоосун аныктап, ачык айта ала тургандай кылып тарбиялоо керек.
"Эл эмне дейт деп жашаган адамдар, тилекке каршы, көп учурда өзүнүн бактысыз экенин кеч түшүнүшөт. Мисалы, башкалардын пикиринен улам кесип тандайт, өмүр бою аны аркалап иштейт, бирок ал кесип өзүнүн каалоосу эмес экенин 30-40 жылдан кийин билет. Мындай учурда айланасындагылары жылуу сөз айтып, ал чыныгы адис экенин баса белгилеп мактап коюшса, айрым учурларда адам ошого канааттанып калат. Андан ары да жашоосун жакшы улантып кете берет. Айрымдары жашы бир топко барып калганда өзүн-өзү жоготуп алгандай стресске түшүп кыйналышат. Алар кеч болсо да өз каалоосу менен жашагысы келет, бирок ишке ашыра албай калуудан чочулаган коркуу сезими пайда болот. Мындай учурда адамдын жан дүйнөсү кыйналат. Ошондуктан баланы өз каалоосун тартынбай айта тургандай кылып тарбиялоо зарыл. Анткени "эл эмне дейт" түшүнүгүнө көбүнесе "жок" деп айта албай, башкалардын ою менен жашаган адамдар туш болушат", — деди Абакова.
Психолог адам мындай абалга туш болгон учурда ичиндеги бардык ойлорун кагазга түшүрүп, окуп, буюм жыйнагандай эле ойлорун иреттеп алуусу зарылдыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0