Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кудайбердиева: былтыр Кыргызпатент 8 млн. сомдон ашык акча чогултту

© Sputnik / Табылды КадырбековӨкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Гүлбара Кудайбердиева
Өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Гүлбара Кудайбердиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2021
Жазылуу
Өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Гүлбара Кудайбердиева жыл башында аталган мекеменин коллегиясы өтүп аймактарда Кыргызпатенттин инспекторлорун көбөйтүү маселеси каралганын айтты.
Кудайбердиева: былтыр Кыргызпатент 8 млн. сомдон ашык акча чогултту
Биз иштешкен мониторинг жүргүзүүчү компания телерадиолорго чыккан автордун чыгармаларын 24 саат бою жазып, кайсы каналга канча ирет чыкканы тууралуу маалымат чогултуп, айына бир жолу отчет алынат. Маалыматтар гиперграф системасына киргизилип, ошол жерден сый акы бөлүштүрүү жүрөт. Бул тууралуу Гүлбара Кудайбердиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, системада ар бир чыгарманын авторлорунун жеке кабинети болуп, алган сый акысы тууралуу маалыматты көрүп турат.
"Санариптештирүүнүн алкагында гиперграф тутумун январда тестирлөө иретинде киргизип, үстүбүздөгү айдан тарта толук кандуу иш алып барып баштады. Жүзгө жакын келишим түзүлдү. Бул система авторлорго сый акынын каяктан түшүп кандайча бөлүштүрүлүп жатканы тууралуу билүүсүнө мүмкүнчүлүк берет. Башкача айтканда, ачык-айкындуулукту шарттайт. Андан сырткары, интеллектуалдык менчик объектилер бар. Ал боюнча 16 база иштелип чыкты. Бүгүнкү күндө электрондук өтүнмөлөрдү кабыл алып жатабыз. Кыргызпатенттин борбордук аппараты борбор калаада эле болгондуктан региондорго маалымат жетпей калып жатат. Аймактарда кошумча штатыбыз жок. Бирок Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча эки инспекторубуз иштеп жатат. Учурда ашыкча документтер кыскартылды. Авторлор менен келишим түзүүдө паспорттун көчүрмөсү, системага электрондук даректи жазып авторизациядан өтүү гана талап кылынат. Калган жумушту биздин адистер аткарат. 2020-жылы пандемиядан улам оюн-зоок мекемелери иштей алган жок. Биз сегиз миллион сомдон ашык каражат чогулттук", — деди Кудайбердиева.
Ал авторлор келишим түзүү үчүн patent.kg сайтына кирип же 0 (312) 68 16 98 номери аркылуу кайрылса болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0