Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Усебаев: Балыкчыга Жусуп Абдрахмановдун атын берүү сунушталууда

© Sputnik / Табылды КадырбековЖусуп Абдрахманов атындагы фонддун төрагасы Мирбек Усебаев
Жусуп Абдрахманов атындагы фонддун төрагасы Мирбек Усебаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2021
Жазылуу
Жусуп Абдрахманов атындагы фонддун төрагасы Мирбек Усебаев Балыкчы шаарына Жусуп Абдрахмановдун атын берүүнү коомчулук демилгелеп жаткандыгын билдирди.
Усебаев: Балыкчыга Жусуп Абдрахмановдун атын берүү сунушталууда
Абдрахмановдун атын түбөлүккө калтыруу максатында өз мекени Ысык-Көлдүн кире бериши Балыкчыны Абдрахманов шаары деп атоо боюнча сунуштар айтылууда. Мындай пикирин Мирбек Усебаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.
Эми көтөрүлгөн маселени колдоо боюнча Балыкчы шаарынын депутаттары жана жергиликтүү тургундары менен жолугушуу болот.
"Жусуп Абдрахмановдун атын Балыкчы шаарына берүү боюнча демилге былтыртан бери айтыла баштаган. Атын түбөлүккө калтыруу максатында Ысык-Көлдүн кире бериши Балыкчыны "Абдрахманов шаары" деп атоону коомчулук көтөрүп жатат. Бул демилге боюнча социалдык тармактар аркылуу жарандар пикирлери менен бөлүшсө деген оюбуз бар. Маселени колдоп берүү боюнча Балыкчы шаарынын депутаттары, тургундары менен да жолугушабыз," — деди Усебаев.
Ал мындай сунуш улуттук лидердин кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө кошкон салымын баалоо максатында берилип жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0