Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абакиров: өкмөттүн кадр саясатында калпыстыктар болуп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономика министринин мурдагы орун басары, экономист Элдар Абакиров
Экономика министринин мурдагы орун басары, экономист Элдар Абакиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2021
Жазылуу
Экономика министринин мурдагы орун басары, экономист Элдар Абакиров мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү менен натыйжалуулукту жогорулатса болорун айтты.
Абакиров: өкмөттүн кадр саясатында калпыстыктар болуп жатат
Учурдагы өкмөттүн кадр саясатында калпыстыктар болуп жатат. Мындай пикирин Элдар Абакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Sputnikтен сүйлөйбүз" программасынын жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, өкмөттүн жаңы түзүлгөн структурасы натыйжалуу иш алып барышы үчүн кадрдык саясатты туура жүргүзүү зарыл.
"Кыргызстан чакан өлкө болгондуктан кандайдыр геосаясий, империалистик максаттарды көздөбөйт. Ага туруктуулук, тынчтык, экономикалык өнүгүү жана коопсуздук керек. Ал үчүн өкмөттөн үч нерсени күтсөк болот. Натыйжалуулук — эффективдүү кызмат көрсөтүү. Сарамжалдуулук — 16 миңге чукул мамлекеттик кызматкерлердин 30-40 пайызын кыскартуу. Мындан тышкары, коррупциялык тобокелчиликтерге жол бербөө. Учурда бул багыттагы иштер анчейин деле алдыга жылган жок. Мисалы, Экономика жана финансы министрликтерин кошуп он чакты органды бириктирип койду. Бул логикага туура келгени менен натыйжа бериши күмөн. Андан көрө салык, бажы тармагын санариптештирүү менен натыйжалуулукту көрсөтсө болот. Ошондой эле өкмөттү оптимизациялоодо кадрларды кыскартып, жакшы адистерди тартуу зарыл. Бул жагынан бир аз калпыстыктар болууда. Өкмөттүн структурасы өзгөргөнү менен азыркы кадр курамында эч кандай жылыш болбойт. Өкмөттө жакшы кадрлар бар, бирок аларга алдыга умтулууга жардам берген жетекчилер керек", — деди Абакиров.
Ошондой эле ал органдарды бириктирүүдө кызыкчылыктардын кагылуусуна жол берилбеши керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0