Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Нурлан уулу: акы төлөнгөн жол десе, тосуп алып акча алат деп түшүнбөш керек

© Sputnik / Табылды КадырбековТранспорт, архитектура жана коммуникациялар министрлигинин Автомобилдик жолдор башкармалыгынын башкы адиси Мухтар Нурлан уулу
Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министрлигинин Автомобилдик жолдор башкармалыгынын башкы адиси Мухтар Нурлан уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2021
Жазылуу
Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министрлигинин Автомобилдик жолдор башкармалыгынын башкы адиси Мухтар Нурлан уулу соңку учурда жолдор негизинен грант жана кредиттин эсебинен курулганын айтты.
Нурлан уулу: акы төлөнгөн жол десе, тосуп алып акча алат деп түшүнбөш керек
Акы төлөнөт десе жолдун эки тарабын тосуп алып акча алат дегенден алыс болуш керек. Бул тууралуу Мухтар Нурлан уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жолдорго акы төлөнүүчү система киргизилсе, накталай эмес шартта жүргүзүлүшү зарыл.
"Бул системаны киргизүү үчүн тикелей инвестиция тартуу, мамлекеттик жеке-өнөктөштүк боюнча жолдорду куруу сыяктуу бир нече түрү бар. Бирок акы төлөө механизми киргизилсе, жарандарда тандоо болушу керек. Мисалы, эки жол болуп, анын бирине акы төлөнсө, экинчиси бекер болушу шарт. Анын кайсынысы менен кетүүнү айдоочу өзү чечет. Бирок акы төлөнөт десе, жолдун эки тарабын тосуп алып акча алат дегенден алыс болуш керек. Эгерде "Жол фонду" түзүлсө, жолду куруу, аны камсыздоонун сапатын жакшыртууга мүмкүн болот. Мисалы, өткөн жылы кризиске байланыштуу бюджеттен каржылоонун 70 пайызы кыскарды. Натыйжада былтыр бюджеттин эсебинен эч кандай асфальт төшөө иштери жүргөн жок. Болгону эл аралык грант, насыялардын эсебинен салынып жаткан жолдор курулду", — деди Нурлан уулу.
Ошондой эле ал кызматкерлердин маянасын көтөрүү менен жол тармагындагы коррупция тобокелчилигин азайтууга боло турганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште Жол фондун түзүү боюнча мыйзам долбоору демилгеленип, коомдук талкууга коюлду. Анда күйүүчү майга салыкты алты жыл катары менен эки сомдон кымбаттатуу, жүк ташуучу унаалардан жол акы алуу, кымбат унааларга ашкере байлык салыгын киргизүү сунушталууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0