Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Токтошев: бир тонна күйүүчү майга 2000 сомдон салык алуу сунушталууда

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2021
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев соңку жылдарда чет элден келген грант, насыялардын жардамы менен өлкөдөгү жолдор кыйла жакшырып калганын айтты.
Токтошев: бир тонна күйүүчү майга 2000 сомдон салык алуу сунушталууда
Жол курууга карыз, грант алынып ал бюджеттен төлөнүүдө. Ошондуктан жол тармагын өзүн-өзү камсыздай алгыдай система түзүү боюнча аракеттер көрүлүшү керек. Бул тууралуу Эмил Токтошев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө жолго кам көрүү үчүн бир жылда орточо эсеп менен 10 миллиард сом керектелет.
"Соңку жылдарда чет өлкөдөн келген кредит, гранттардын көпчүлүгү жол тармагына жумшалган. Натыйжада жолдорубуз мурдагыга салыштырмалуу кыйла жакшырып калды. Коронавируска байланыштуу экономикалык кризис болуп, киреше төмөндөдү. Анын үстүнө мамлекеттин карызы 5 миллиард долларга жетейин деп калды. Мындан ары чет өлкөдөн грант, кредит келбей калышы ыктымал. Келечекте жол тармагы өзүн-өзү камсыздай ала турган системасын түзүү аракеттери көрүлүшү зарыл. Ошондуктан "Жол фонду жөнүндө" мыйзам долбоору сунушталып, коомдук талкууга коюлду. Ага ылайык атайын фонд түзүлүп, ошол каражат менен жолду камсыздоо каралган. Фондго каражат кайдан алынат? Мыйзамда 2021-жылдан тарта бир тонна күйүүчү майга 2000 сомдон салык киргизүү сунушталууда. Бул адилет чечим, анткени учурда жол куруу үчүн алынган карыз бюджеттен, башкача айтканда, жарандардын эсебинен төлөнүүдө. Ал эми салык төлөөчүлөрдүн арасында унаа айдабагандар дагы бар. Ошондуктан ким жолду көп колдонсо, ошого жараша салык төлөнүшү шарт", — деди Токтошев.
Депутат ошондой эле оор габариттүү унааларга кошумча салык төлөө дагы колго алынышы керектигин кошумчалады.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште Жол фондун түзүү боюнча мыйзам долбоору демилгеленип, коомдук талкууга коюлду. Анда күйүүчү майга салыкты алты жыл катары менен эки сомдон кымбаттатуу, жүк ташуучу унаалардан жол акы алуу, кымбат унааларга ашкере байлык салыгын киргизүү сунушталууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0