Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жаанбаев: айыл чарба жаатында илимпоздор жокко эсе

© Sputnik / Асель СыдыковаБагбанчылык боюнча адис Медербек Жаанбаев
Багбанчылык боюнча адис Медербек Жаанбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2021
Жазылуу
Багбанчылык боюнча адис Медербек Жаанбаев Кыргызстанда айыл чарба илимине болгон талап, маани берүү төмөн болгондуктан агрономия багытындагы илимпоздордун саны абдан аз экендигин билдирди.
Жаанбаев: айыл чарба жаатында илимпоздор жокко эсе
Кыргызстан эгемендүүлүктүү алгандан кийин айыл чарба тармагындагы илимпоздор кескин азайып кеткен. Мындай пикирин Медербек Жаанбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда айтты.
Анын айтымында, өлкөдө учурда 60ка жакын жогорку окуу жайы болсо, анын экөөндө гана айыл чарба багытында терең билим берет. Биринчиси — Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, экинчиси — Кыргыз-түрк "Манас" университети.
"Кыргызстанда илимпоздордун саны аз. Илимге болгон талап, маани берүү төмөн. Эгемендүүлүктү алгандан кийин айыл чарбада илим адамдарынын саны кескин азайып кеткен. Бул багытта өлкөдө эки гана университет терең билим берет. Калгандары колледждер. Ага байланыштуу биздин өнүүгүбүз да жай болууда", — деди Жаанбаев.
Ошондой эле адис айыл чарба тармагында абдан тез жыйынтык көрсөтүү үчүн илимпоздор, министрлик жана ишкерлер биригип иш алып барышы керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0