Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сабыр кызы: Кыргызстанда 70 миңдей коллекциялык монета сатылды

© Sputnik / Асель СыдыковаГлавный специалист Департамента расчетно-кассового управления Нацбанка КР Анара Сабыр кызы
Главный специалист Департамента расчетно-кассового управления Нацбанка КР Анара Сабыр кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2021
Жазылуу
Улуттук банктын нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын башкы адиси Анара Сабыр кызы Кыргызстанда учурда тыйындын 82 түрү бар экенин айтты.
Кыргызстандын коллекциялык монеталары 1995-жылдан бери чыгарылып келет. Улуттук банк эстелик тыйындарды чыгаруу менен нумизматика рыногунун түптөлүшүнө жол салган. Бул тууралуу Анара Сабыр кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Сабыр кызы: Кыргызстанда 70 миңдей коллекциялык монета сатылды
Анын айтымында, коллекциялык монеталар алтын, күмүш, никель жана жезден жасалат.
"Коллекциялык монеталар ар кандай тематикадагы серияларда чыгарылат. Алсак, "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына, тарыхый окуяларга, Кыргыз мамлекеттүүлүгү, Кыргыз каганатынын доору, Эл аралык тоолор жылы, Улуу Жибек жолу, Чыңгыз Айтматовдун элесине, анын чыгармаларына жана башка окуяларга арналган монеталар чыккан. Коллекциялык монеталарда негизинен архитектуралык эстеликтер, Кыргызстандын жаратылыш дүйнөсү, маданият, спорт жаатындагы жетишкендиктер, улуттук үрп-адат, оюндар жана жок болуп бараткан флора, фауна чагылдырылып, аларды жайылтуу максатын көздөйт. Бул тыйындар жыл сайын чет өлкөлүк сынактарга катышып, нумизматтар арасында туруктуу кардарлары бар. Кадыр-барктуу эл аралык конкурстарда сыйлыктарга ээ болгон. Мисалы, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына арналган жогорку чеберчиликтеги монеталар топтому Санкт-Петербург шаарында өткөрүлгөн эл аралык сынакта "Библио-Глобус" соода үйүнүн Ардак дипломуна татыса, "Улуу Жибек Жолу" монетасы Берлинде "Жылдын мыкты монетасы" сынагынын лауреаты болгон. "Саймалуу-Таш" тыйыны Москвада "Жылдын күмүш монетасы" номинациясы боюнча үчүнчү орунду алган", — деди Сабыр кызы.
Адис 2021-жылы "Тарыхый окуялар" сериясынан "КРдин эгемендүүлүгүнө 30 жыл" деп аталган алтын жана күмүш монеталарынын 1000 экземпляры, "Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине 30 жыл" деген 1000 даана монета жана дарыгерлерге арналган "Өмүр сакчыларына таазим" жез, никель монетасын 3000 нуска менен чыгаруу пландалып жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0