13:10 20 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.7933
  • EUR101.9682
  • RUB1.1121

Нурматов: элчинин үй-бүлөсү да атайын окуудан өтүшү керек

Радио
Кыскача шилтеме алуу
0 0

ТИМге караштуу Дипломатиялык академиянын доценти, юридика илимдеринин кандидаты Темир Нурматов аталган окуу жайда учурда 200дөн ашуун магистрант билим алып жатканын айтты.

Нурматов: элчинин үй-бүлөсү да атайын окуудан өтүшү керек

Элчилердин өздөрү эле эмес, үй-бүлө мүчөлөрү да атайын курстан өтүшү зарыл. Бул тууралуу Темир Нурматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай курстар дипломатиялык билими, тажрыйбасы бар элчилерге сунушталбайт.

"Элчилерди кызматка дайындоо мамлекеттик кадр саясатына кирип, президент тарабынан жүргүзүлөт. Бирок мурда бул кызматты аркалабаган адамдар башка мамлекетке өлкөнүн жүзү катары кетип жаткан соң атайын кыска курстардан өтүшөт. Бул окутуулар алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө да тиешелүү. Тилекке каршы, азырынча элчилерге багытталган курстар милдеттүү болбой калды. Муну кызматка дайындалып, бул тармакка жаңыдан аралашып жаткан аткаминер үчүн сөзсүз түрдө окуй тургандай кылуу мезгил талабы болуп турат", — деди Нурматов.

Педагог окуу жайдан магистр, студенттер эл аралык мамилелер жана укук, ошондой эле дүйнөлүк экономика жана бизнес багытында билим алышарын кошумчалады.

Тема боюнча

Жаңы Конституцияда президент канчалык күчтөнөт? Негизги укуктары
Белгилер:
Темир Нурматов, билим, окутуу, элчи

ЭҢ МААНИЛҮҮ