Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мусуралиева: банктык карталарды туура колдонсо көп артыкчылыгы бар

© Sputnik / Асель Сыдыкова"РСК Банк" ААКнын Маркетинг департаментинин Банктык өнүмдөрдү иштеп чыгуу тобунун жетектөөчү менеджери Аделя Мусуралиева
РСК Банк ААКнын Маркетинг департаментинин Банктык өнүмдөрдү иштеп чыгуу тобунун жетектөөчү менеджери Аделя Мусуралиева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2021
Жазылуу
"РСК Банк" ААКнын Маркетинг департаментинин Банктык өнүмдөрдү иштеп чыгуу тобунун жетектөөчү менеджери Аделя Мусуралиева кардарлар банктык карталарды туура колдонуу менен көп артыкчылыктарга ээ болорун айтты.
Мусуралиева: банктык карталарды туура колдонсо көп артыкчылыгы бар
Банктык карталардын деңгээлине жараша адамдар түрдүү тармактарда арзандатууларды, жеңилдетилген кызматтарды ала алышат. Мындай маалыматты Аделя Мусуралиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып кабарлады.
Анын айтымында, эл аралык алкакта VISA жана MasterCard системалары алдыңкы жана ыңгайлуу төлөм карталары болуп саналат.
"Банктык карта аркылуу накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү абдан ыңгайлуу. Өзүңүз менен кошо акча алып жүрбөй, пластикалык карта алмаштырылат. Эң негизгиси коопсуз. Капчыгыңызды жоготуп алган учурда да акчаңызды сактап кала аласыз. Менин оюмча, карталардын арасынан VISA Infinite жакшы. Саякатта, соода-сатыкта көп арзандатуулар, артыкчылыктар болот. Мындан тышкары, VISA системасында кардарды камсыздандыруу каралган. Мисалы, VISA Infinite алган адам дароо камсыздандыруу программасына кошулат. Чет жакта кардар кырсыктап калса чыгымын кайтарып беришет жана эл аралык аэропорттордун бизнес залдарына акысыз кирип, кызмат ала алат. Андыктан банктык карталарды туура колдоно билсе көп артыкчылыктары бар", — деди Мусуралиева.
Ошондой эле адис адамдар кесибине, ишмердүүлүгүнө жараша карталардын кызматтарын тандаса болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0