Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жумаева: мал чарбачылыгын жүргүзүүдө аялдардын ролу абдан чоң

© Sputnik / Табылды КадырбековКоомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) рынокту жана мал чарбачылыкты өнүктүрүү долбоорунун гендер жана жакырчылыкты жоюу боюнча адиси Бактыгүл Жумаева. Архив
Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) рынокту жана мал чарбачылыкты өнүктүрүү долбоорунун гендер жана жакырчылыкты жоюу боюнча адиси Бактыгүл Жумаева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2021
Жазылуу
Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) рынокту жана мал чарбачылыкты өнүктүрүү долбоорунун гендер жана жакырчылыкты жоюу боюнча адиси Бактыгүл Жумаева мал чарбачылыгын жакшыртуу боюнча аялдар активдеше баштаганын белгиледи.
Жумаева: мал чарбачылыгын жүргүзүүдө аялдардын ролу абдан чоң
2014-жылдан бери жайыт комитеттердин курамындагы аялдардын саны төрт пайыздан 22 пайызга чейин көбөйдү. Бул тууралуу Бактыгүл Жумаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, адатта аялдар жайыт боюнча талкуу, жыйындарга катышпайт.
"Негизи эле мал чарбачылыгын жүргүзүүдө аялдардын ролу абдан чоң. Себеби эркектер чет өлкөгө иштегени кетип, аялдар уулдары менен малды карайт. Ал эми жайыт боюнча жыйындарга жалаң эркектер барганда аялдарга тиешелүү долбоорлор ишке ашпай калат. Маселен, айылга сүт иштеткенге жабдык же жүн тытуучу машина керек деп талап кылса, алар үчүн кыйла жеңилдиктер каралган. Ошондуктан аялдарды бул багыттагы талкууларга активдүү катышууга чакыруудабыз. Алсак, акыркы беш жылда 3500 аялды ветеринария, планды түзүүдөн тарта оратордук чеберчиликке чейин окуттук. Эгерде 2014-жылы жайыт комитеттердин курамында аялдар төрт пайызды түзсө, учурда 22 пайызга көбөйдү", — деди Жумаева.
Ал ошондой эле мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн ветеринарлар мотоциклдер жана тийиштүү жабдуулар менен камсыздалганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0