Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Чотонов: абердин-ангустун букачарлары 20-30 миң сомго кымбат сатылууда

© Sputnik / Асель СыдыковаЖайыт, асыл тукум мал чарбасы департаментинин башкы адиси Шаршен Чотонов
Жайыт, асыл тукум мал чарбасы департаментинин башкы адиси Шаршен Чотонов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2021
Жазылуу
Жайыт, асыл тукум мал чарбасы департаментинин башкы адиси Шаршен Чотонов жасалма уруктандыруу аркылуу малдын асылдуулугун жогорулатуу мерчемделгенин белгиледи.
Чотонов: абердин-ангустун букачарлары 20-30 миң сомго кымбат сатылууда
Кадимки уйлар 5-10 литр сүт берсе, жасалма уруктандырылган малдан 20 литрге чейин сүт алса болот. Ал эми эт багытындагы асыл тукум букачарлар жергиликтүү породага салыштырмалуу 20-30 миң сомго чейин кымбат сатылууда. Бул тууралуу Шаршен Чотонов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жасалма уруктандыруу боюнча жоболор кайрадан иштелип чыкты.
"2014-жылы чет өлкөдөн 235 баш асыл тукум мал алып келинген. Алар эт багытында абердин-ангус, сүт багытында швиц жана эт, сүт багытындагы симментал породалары. Ошолордун уруктары өлкөнүн аймагына таратылган. Өлкөдө жасалма уруктандыруу 2015-жылдан бери колго алынып, 450 миңге чукул мал уруктандырылган. Алардан 358 миңге чукул музоо, 180 миң асыл тукум кунажын алынган. Натыйжада сүттүн көлөмү ар бир уйдан 5-10 литрден 20 литрге чейин көбөйдү. Бирок жасалма уруктандыруу иштерин жүргүзүү аркылуу мындан дагы жогорулатуу мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми абердин-ангустар алар менен тең букачарлардан 20-30 миң сомго кымбат сатылууда. Бул соңку 5-6 жылдын ичинде жетишилген натыйжа. Анткени малды асылдандыруу иштери дароо жыйынтык бере калбайт", — деди Чотонов.
Ал соңку учурда жасалма уруктандыруу үчүн зарыл болгон азотту "Элита" асыл тукум мал станциясындагы заводдон чыгаруу максатталып жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0