Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Алымова: музейлер виртуалдык экскурсия форматына өтө баштады

© Фото / предоставлено Аидой АлымовойКыргызстандагы эл аралык музейлер кеңешинин башчысы Аида Алымова
Кыргызстандагы эл аралык музейлер кеңешинин башчысы Аида Алымова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2021
Жазылуу
Кыргызстандагы эл аралык музейлер кеңешинин башчысы Аида Алымова пандемияга байланыштуу музейлердин көбү виртуалдык экскурсия форматына өтө баштаганын айтты.
Алымова: музейлер виртуалдык экскурсия форматына өтө баштады
Кыргызстан ИКОМдун төртүнчү категориясындагы өлкө болгондуктан пандемияда музейлердин ишмердүүлүгү начарлады. Өзгөчө өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин 1,5 пайызы гана маалыматтык технологиялар мүмкүнчүлүгүн колдоно алышты. Бул тууралуу Аида Алымова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, музей кызматкерлери жаңыча түшүнүктөрдү кабыл алып, заманбап форматта иш алып бара тургандай адис болушу керек.
"2020-жылдагы пандемиянын айынан маданий мекемелер, анын ичинде музейлердин ишине чоң коркунуч жаралды. Анткени биз жергиликтүү жана чет элдик көрүүчүлөргө ишибизди арнап келебиз. Кыргызстандагы музейлер ИКОМ уюмуна мүчө. Уюм менен тыгыз кызматташып, музейлердин иштөө форматын жакшыртуу боюнча маселелер каралды. Анын натыйжасында виртуалдык экскурсияларды, онлайн иш-чараларды, санарип контентти уюштуруу иши жанданды. Веб-сайт, социалдык тармактар аркылуу маалымат жеткирүүнү колго алдык," — деди Алымова.
Ошондой эле жетекчи өлкөдөгү музейлер толук кандуу иш алып барышы үчүн финансылык, материалдык, кадрдык жактан колдоого алынышы керектигин кошумчалады.
Белгилей кетсек, ИКОМ — эл аралык музейлер кеңеши (International Council of Museums, ICOM). Уюм музей адистери тарабынан дүйнөлүк маданий жана табигый мурастарды коргоо, материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарды сактоо, өнүктүрүү боюнча иш алып барат.
Жаңылыктар түрмөгү
0