Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сейдесембаев: үй алуучуларга документ иштеринде акысыз көмөк көрсөтөбүз

© Sputnik / Асель СыдыковаБорбор калаадагы кыймылсыз мүлк агенттигинин башкы директору Азим Сейдесембаев
Борбор калаадагы кыймылсыз мүлк агенттигинин башкы директору Азим Сейдесембаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2021
Жазылуу
Борбор калаадагы кыймылсыз мүлк агенттигинин башкы директору Азим Сейдесембаев аталган агенттиктердин кызматынын артыкчылыктары тууралуу айтып берди.
Сейдесембаев: үй алуучуларга документ иштеринде акысыз көмөк көрсөтөбүз
Негизи ар бир курулуш компаниянын сатуу бөлүмү болот. Ал эми кыймылсыз мүлк агенттиктери көз карандысыз, өзүнчө сатуу бөлүмү деп айтсак болот. Мындай кызматтар ар бир объектинин артыкчылыгы менен кемчилигин ачык айтып бере алат. Бул тууралуу Азим Сейдесембаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, агенттиктерге кыймылсыз мүлккө коопсуз инвестиция салууга кызыккандар же мурда өз алдынча начар компаниялардан үй алып алган адамдар кайрылышат.
"Учурда биздин агенттик он курулуш компаниясы менен келишим түзгөн. Бул жаңы курулуп жаткан турак жайлар. Жалпы 20дан ашык объектиден адамдардын үй алуусуна жардам беребиз. Кызматтын негизги милдети — кардарлардын кыймылсыз мүлккө коопсуз инвестиция салуусуна көмөктөшүү. Учурда шаарыбызда көп үйлөр курулуп жатат. Анын ичинде ишенимсиз компаниялар да бар. Ал эми кыймылсыз мүлк агенттиги жарандарга сапаттуу, бардык шарты бар, документтери туура, мыйзам бузбаган курулуш компанияларынын үйлөрүн сунуштайт. Ошондой эле дагы бир жакшы жери — биздин адистердин кызматы үчүн акча төлөнбөйт. Демек, кыймылсыз мүлк агенттиги аркылуу үй аласызбы же дароо эле компаниянын сатуу бөлүмүнөнбү, баада айырмачылык болбойт. Ал эми бизге курулуш компаниялар каражат төлөйт. Мындайча айтканда, үй алуучуларга акысыз кызмат көрсөтөбүз", — деди Сейдесембаев.
Адис үй аларда арзанына качырбастан жакшылап ойлонуп, жүз долларга кымбат болсо дагы ишенимдүү жерден батир алууну сунуштады.
Жаңылыктар түрмөгү
0