Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Марипов: адам жакшы уктабаса семире баштайт

© Sputnik / Асель СыдыковаУлуттук кардиология жана терапия борборунун өпкө гипертониясы жана тоо медицинасы бөлүмүнүн башчысы Абдирашит Марипов
Улуттук кардиология жана терапия борборунун өпкө гипертониясы жана тоо медицинасы бөлүмүнүн башчысы Абдирашит Марипов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2021
Жазылуу
Улуттук кардиология жана терапия борборунун өпкө гипертониясы жана тоо медицинасы бөлүмүнүн башчысы Абдирашит Марипов жакшы уйку кишинин ишке жөндөмдүүлүгүн арттырып, ден соолугун бир калыпта кармоого жардам берерин айтты.
Марипов: адам жакшы уктабаса семире баштайт
Уйкунун узактыгы ар бир адамдын жаш курагына жараша болот. Жалпысынан уйку төрттөн он эки саатка чейин созулат. Кичинекей балдар 12-15 саат уктаса, алтымыштан өткөн кишилер 6-7 саат уктап калат. Бул тууралуу Абдирашит Марипов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аз жана көп уктагандардын өлүм көрсөткүчү бирдей жогору болот.
"Жумушка жарамдуу чоң кишилер 7-8 саат уктаса жетет. Чоң адам күндүз көп уктаса бул уйкусуздукка алып келиши мүмкүн. Эгер адат болуп калып, организм талап кылса 45 мүнөт гана уктоо сунушталат. Адам терең уктаганда соматотропин, тестостерон бөлүнүп чыгат. Соматотропин адамды арыктатуучу гормон. Ошондуктан адам жакшы уктабаса семире да баштайт. Ал эми тестостерондун жоктугу эркекти импотенцияга алып келет. Уйку эс-тутумду да жакшыртат. Анын жетишсиздигинен киши кыжырданып, концентрациясы бузулуп, көңүлү чөгөт. Андан тышкары, кан басым көтөрүлүп, жүрөк-кан тамыр ооруларын, кант диабети, инфаркт жана инсульттун пайда болуу тобокелчилигин жогорулатат", — деди Марипов.
Адис адам уктаганда тердегендиктен уктоочу жаздыкта кене чогулуп каларын, аны эки жылда бир алмаштырып же толук ичин чыгарып тазалап туруу керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0