Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жантөрөева: мамлекеттик тендерлерге катышуу үчүн 24 миңдей компания катталган

© Sputnik / Асель СыдыковаМамлекеттик сатып алуулар департаментинин башкы адиси Айсулуу Жантөрөева
Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин башкы адиси Айсулуу Жантөрөева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2021
Жазылуу
Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин башкы адиси Айсулуу Жантөрөева аталган кызматтын 2020-жылы аткарган иши тууралуу айтып берди.
Жантөрөева: мамлекеттик тендерлерге катышуу үчүн 24 миңдей компания катталган
2020-жылы алдын ала маалымат боюнча, 85 347 тендердик конкурс жарыяланган. Буга 73,6 миллиард сом каралган. Анын ичинен 57 285 сынак өтүп, 41,7 миллиард сом жумшалды. Бул тууралуу Айсулуу Жантөрөева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, сынакта чет элдик жана жергиликтүү компания жумуштун аткарылышына бирдей сумма көрсөтсө, кыргызстандык компанияга мыйзам боюнча 20 пайыз жеңилдик берилет.
"Тендерге катышуу үчүн компаниялар мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтына катталуунун шарттарын кабыл алып жазылышат. Сатып алуучу уюм боюнча эч кандай чектөө жок, бардыгы катыша алат. 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча 43 компания кара тизмеге киргизилди. Ал эми 301 даттануу негизсиз деп табылды. Бул компаниялар эки жылга чейин мамлекеттик сатып алууларга катышуу укугунан ажыратылат. Азыркы учурда дагы тогуз кайрылуу комиссия тарабынан каралып жатат. Жалпы департаменттин порталында 24 миңдей компания катталган. Анын 89у кара тизмеде", — деди Жантөрөева.
Адис мамлекеттик сатып алуулар, тендерге катышкан компаниялар тууралуу маалыматты сайтынан ар бир жаран алса болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0