17:35 18 Кулжа 2021
Түз эфир
  • USD84.5723
  • EUR100.7425
  • RUB1.1710

Каландаров: республикада малды жасалма уруктандыруучу 452 пункт ачылган

Радио
Кыскача шилтеме алуу
150 0 0

Жайыт, асыл тукум мал чарба департаментинин жетектөөчү адиси Мыктыбек Каландаров жасалма жол менен уруктандыруу боюнча ачылган пунктулардын айрымдары иштей албай калгандыгын айтты.

Республика боюнча малды жасалма уруктандыруучу 452 пункт ачылып, тийиштүү жабдыктар берилген. Бул тууралуу Мыктыбек Каландаров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Каландаров: республикада малды жасалма уруктандыруучу 452 пункт ачылган

Анын айтымында, жакында эле жасалма жол менен уруктандыруу пунктуларын уюштуруунун тартиби тууралуу жобо иштелип чыккан.

"Республика боюнча малды жасалма уруктандыруу боюнча 452 пункт ачылган. Аларга тийиштүү жабдыктар берилип, иштете тургандар окутуулардан өткөрүлгөн. Ал эми жакында жасалма жол менен уруктандыруу боюнча пунктуларды ачуунун жана уюштуруунун жоболору камтылган токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул багытта иштер мурдатан эле жүргүзүлө баштаган. Малдын баасын жогорулатуунун жакшы жолу ушул. Азыркы тапта алгачкы төл чоңоюп, базарда жогорку баада сатылууда. Учурда айрым фермерлер жасалма уруктандыруудан төл албай калабыз деп кооптонушат экен. Айта кетсем, министрлик республиканын климатына туура келген, төл бере турган уруктарды гана сунуштайт", — деди Каландаров.

Ошондой эле ал малды асылдандыруу багытында коомдо түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Тема боюнча

Министрлик өлкөдө малды жасалма уруктандыруу пунктуларын ачууну пландап жатат
Белгилер:
фермер, уруктандыруу, мал

ЭҢ МААНИЛҮҮ