Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Турганбай Памири: үч жылда тогуз классты аяктадым

© Sputnik / Асель СыдыковаПамирлик кыргыз Турганбай Памири
Памирлик кыргыз Турганбай Памири - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Памирлик кыргыз Турганбай Памири 16 жаш курагында 1-класстын окуучусу болгон сезимдери менен бөлүштү.
Памирлик кыргыздардын Афганистан, Түркияга барып окуу мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок салт-санаабызды, улутубузду, тилибизди жоготуп албаш үчүн ата-бабаларыбыз байырлаган жерге кайтуу башкы каалообуз эле. Бул тууралуу Турганбай Памири Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Турганбай Памири: үч жылда тогуз классты аяктадым
Анын айтымында, памирликтер Кыргызстан тууралуу улуттук телеканалдардан маалымат алып турушчу.
"Буга чейин араб арибинде жазып келгендиктен орус тамгасын өздөштүрүү кыйынчылык туудурду. Бирок бир жуманын ичинде алфавитти үйрөнүп алдым. Чындыгында билим алууда оорчулуктар болду. Мисалы, үч классты бир жылда окуу кыйын эле экен. Мен үчүн кыргыз тили жана адабияты сабактары жеңилирээк болсо, физика, математиканы өздөштүрүү кыйынчылык жаратты. Бирок 16 жылдан бери окубай, билимге суусагандыктанбы, аракетим күч болуп тездетилген ыкма менен бир жылда үч классты, ал эми үч жылда 9-классты аяктап, учурда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы колледждин биринчи курсуна кабыл алындым. Ал жактан кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп чыгам. Кыргыз тилинде эркин сүйлөйм. Кошумча фарс-тажик тилдерин билем. Орус, англис тилдерин үйрөнүү боюнча курстарга бардым. Менин максатым бул жактан алган билимди Памирдеги туугандарыма берүү. Мен аларды унутуп, көмөк көрсөтпөсөм кыянаттык кылган болом", — деди Памири.
Ал, ошондой эле, учурда окуу жайда бюджеттик негизде билим алуу мүмкүнчүлүгү каралып жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0