Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

IT-адис: интернетке жеке маалыматтарды бөлүшүп, мактанбаш керек

© Sputnik / Асель Сыдыкова Программалык камсыздоону жана кызматтарды иштеп чыгуучулар ассоциациясынын төрайымы Динара Руслан

Программалык камсыздоону жана кызматтарды иштеп чыгуучулар ассоциациясынын төрайымы Динара Руслан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Программалык камсыздоону жана кызматтарды иштеп чыгуучулар ассоциациясынын төрайымы Динара Руслан адам интернетке өзүнүн коопсуздугуна зыянын тийгизе турган маалыматтарды киргизбей эле койгону туура болорун белгиледи.
IT-адис: интернетке жеке маалыматтарды бөлүшүп, мактанбаш керек
Айрымдар мактанып, социалдык тармактарга бардык маалыматтарды жүктөй беришет. Чынында интернетке жеке маалыматтарды бөлүшүү туура эмес. Мындай пикирин Динара Руслан Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда көптөгөн тиркемелердин конфиденциалдуулукту сактоо боюнча аракеттери көңүл жубатарлык эмес.
"Кичинекей балдарга интернетти туура колдонгонду үйрөтүш керек. Алар кайда бара турганын, жашаган дареги сыяктуу жеке маалыматтары менен бөлүшүп, коопсуздугуна коркунуч жаратышат. Социалдык тармактарды туура колдонууну ар бир адам билиши шарт. Учурда жаштар интернетте байлыгын, дарегин, бара турган жерин жана башка коопсуздугуна зыян тийгизип калышы мүмкүн болгон маалыматтарды жарыялап мактанганды жакшы көрүшөт. Бул өтө опурталдуу кадам. Ошондуктан санарип сабаттуулукту жогорулатууну колго алуу зарыл. Бул жагынан абдан аксап жатабыз", — деди IT-адис.
Ошондой эле ал интернетте жасалма интеллект ар бир адам тууралуу жеке маалыматтарды топтой берерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0