Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сазыков: электрондук эсеп-фактураны 12 миңдей ишкер колдонууда

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков. Архив
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков өткөн жылда киргизилген долбоорлордун кандай натыйжа бергенин айтып берди.
Сазыков: электрондук эсеп-фактураны 12 миңдей ишкер колдонууда
Быйыл электрондук эсеп-фактураларды 12 миңден ашык ишкер колдонууда. Бул тууралуу Эркин Сазыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, былтыр электрондук эсеп-фактураларды орнотуу, май куюучу жайларга автоматташтыруу системасын киргизүү жана нефтетрейлерлердин электрондук товардык коштомо кагаз колдонуусу ишке ашырылган.
"Быйыл электрондук эсеп-фактураларды 12 миңден ашык ишкер колдонууда. Алар тарабынан 432 миллиард сомдук товар айлантууга 3 миллион 419 миң электрондук эсеп-фактура таризделди. Бул долбоор көмүскө экономиканын көлөмүн кыскартууга жана бюджетке түшө турган төлөмдөрдүн өсүшүнө таасирин берүүдө. Ал эми май куюучу жайлардын 90 пайызы автоматташтырылды", — деди Сазыков.
Ошондой эле ал салык жол-жоболорун фискалдаштыруу улантылып, 1-апрелден тарта тамеки жана алкоголдук продукцияларын маркалоого өткөрүлө турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0