Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сазыков: өткөн жылы камсыздандыруу төгүмдөрү 33 млрд. сомдон ашты

© Sputnik / Асель АкматалиеваМамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков. Архив
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков 2020-жылы жүргүзүлгөн салык чогултуунун натыйжасы кандай болгонун айтып берди.
Сазыков: өткөн жылы камсыздандыруу төгүмдөрү 33 млрд. сомдон ашты
Былтыр 63 миллиард сомго чукул салык, 33 миллиард сомдон ашык камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналган. Бул тууралуу Эркин Сазыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2019-жылдын январынан тарта Социалдык фонддун камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча функциясы Салык кызматына өткөрүлүп берилген.
"Салык кызматы былтыр республикалык бюджетке 62 миллиард 958 миллион сом салык жыйнап, белгиленген планды 100,2 пайызга аткарган. Башкача айтканда, пландалгандан 107,3 миллион сомго көп чогултулган. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 324,7 миллион сомго көп. Кошумчалай кетүүчү жагдай, пандемияга байланыштуу Салык кызматынын планы үч миллиард сомго жогорулатылган. Муну эске алып салыктар ашыгы менен топтолду. Ал эми камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 33 миллиард 190,8 миллион сом чогултуп, белгиленген план 100,5 пайызга аткарылды. Бул 163 миллион сом ашыгы менен чогултулганын билдирет", — деди Сазыков.
Ошондой эле ал салык формалары менен камсыздандыруу төгүмдөрүн бириктирүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0