Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Капаров: бир троллейбусту толук ремонттон өткөрүүгө 150 миң сомдой керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бишкек троллейбус башкармалыгы" ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров
Бишкек троллейбус башкармалыгы ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкек троллейбус башкармалыгы" ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров мекемеде эскилиги жеткен 27 троллейбус бар экенин айтты.
Капаров: бир троллейбусту толук ремонттон өткөрүүгө 150 миң сомдой керек
2020-жылы пандемия убагында 19 миллион жүргүнчү ташыдык. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 10 миллион кишиге аз. Бул тууралуу Талантбек Капаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, троллейбус айдоочуларынын айлык акысы 12-20 миң сомго жетет.
"Бишкек троллейбус башкармалыгында 183 троллейбус бар. 120 транспорт 11 маршрут боюнча линияга чыгып, каттамдарды тейлейт. Жалпы жамаатта 700дөй кызматкер иштейт. Ишканага 2013-жылы 79 жаңы троллейбус, 2018-жылы дагы 52си алынган. Ал эми 1989-1990-жылдары чыгарылган жалпы 27 троллейбустун эскилиги жеткендиги тууралуу мэрияга айтылды. 2020-жылдын башынан тарта "Тулпар" көзөмөл кызматы менен иштеше баштадык. Шаар тургундары электрондук билетке толугу менен өтсө жүргүнчүлөрдүн саны, бюджетке түшкөн каражат боюнча ачык-айкындуулук болот эле", — деди Капаров.
Жетекчи ошондой эле бир троллейбусту капиталдык ремонттон өткөрүүгө болжол менен 150 миң сом талап кылынарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0