Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акматалиева: БУУ 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүү максаттарын кабыл алды

© Sputnik / Асель СыдыковаПресс-секретарь Нацстаткомитета Асель Акматалиева
Пресс-секретарь Нацстаткомитета Асель Акматалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук статистика комитетинин маалымат катчысы Асел Акматалиева БУУнун өлкөлөрдө туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу кадамдары камтылган документи 2015-жылы ага мүчө мамлекеттер тарабынан колдоого алынганын айтты.
Акматалиева: БУУ 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүү максаттарын кабыл алды
Туруктуу өнүгүүгө жетүү үчүн дүйнөлүк деңгээлде 17 глобалдык максат кабыл алынган. Бул максаттар экономикалык бирдей өсүү, инновация, туруктуу керектөө, тынчтык жана адилеттик сыяктуу маанилүү багыттарды камтыйт. Бул тууралуу Асел Акматалиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашырууда Улуттук статистиканын ролу чоң.
"БУУ тарабынан кабыл алынган, өлкөлөрдү туруктуу өнүгүү жолуна салуу программасын камтыган документ бар. Кыргызстан дагы улуттук деңгээлде аталган документтеги коюлган максаттарды ишке ашырууга далалаттанып келет. 2020-жылы БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин (ЭКОСОС) Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумунда Кыргызстандын 2030-жылга чейинки ишке ашырышы керек болгон милдеттемелери сунушталды. Бул документте теңсиздикти, кедейчиликти кыскартуу, ачкачылыкты жоюу, адам укуктары жана соттук коргоону камсыз кылуу, жаратылышка болгон тобокелчиликти азайтуу, коомго пайдалуу көндүмдөрдү жана билимди арттыруу, жумуш орундарын түзүү, гендердик теңчилик боюнча улуттук планды ишке ашыруу пландары камтылган", — деди Акматалиева.
Ал Улуттук статистика комитети туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүүгө мониторинг жүргүзүү боюнча жооптуу орган болуп саналарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0