Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ырысалиев: улуттук архивдин сактоочу жайлары толду, орун жок

© Sputnik / Табылды КадырбековНачальник Архивного агентства ГРС Ашырали Ырысалиев
Начальник Архивного агентства ГРС Ашырали Ырысалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Архив агенттигинин бөлүм башчысы Ашырали Ырысалиев аталган мекемеге тиешелүү республика боюнча 65 архив бар экенин айтты.
Өлкөдө түрдүү иш кагаздарын, кино, фото, фоно документтерди сактай турган архивдик жай толуп калган. Учурда жаңы имарат куруу маселеси курч болуп турат. Бул тууралуу Ашырали Ырысалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Ырысалиев: улуттук архивдин сактоочу жайлары толду, орун жок
Анын айтымында, аймактарда республикалык маанидеги 65 архив бөлүмү бар. Мындан сырткары, 3000ден ашуун ар кайсы мекемелердин өздүк архивдеринин ишмердүүлүгүн жүргүзүүнү да аталган агенттик көзөмөлдөйт.
"Архив агенттигинде 4 миллиондон ашуун сактоо көлөм бирдигиндеги документтер бар. Улуттук архив фонду күндөн-күнгө чоңоё берүүчү мамлекеттик мекеме болуп эсептелет. Ар бир тарыхый окуяны тастыктаган иш кагаздары мына ушул жерде сакталган. Эгемендүүлүк алгандан кийинки материалдар өзгөчө баалуулукка 50-60 жылдан кийин жетет. Бирок, тилекке каршы, биздеги чоң көйгөй мындан ары архивдик документтерди сактай турган жердин жоктугу болууда. Бардык мекеме, жайларыбыз толуп калды. Архив агенттиги дотацияда отурган мамлекеттик орган болгондуктан көп жылдан бери жаңы имарат куруу боюнча маселе көтөрүлүп, бирок ишке ашпай жатат", — деди Ырысалиев.
Адис жер тилкеси бөлүнгөнүн, аны документтештирүү иштери жыйынтыкталып калганы менен курулушу качан башталары белгисиз болуп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0