Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ишекеев: көп тил билген жаңы муунду калыптандырышыбыз керек

© Sputnik / Дильноза АлымоваПредседатель Национальной комиссии по государственному языку при Президенте КР Назаркул Ишекеев
Председатель Национальной комиссии по государственному языку при Президенте КР Назаркул Ишекеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын философиясы боюнча көп тил билген жаңы муунду калыптандыруу керектигин белгиледи.
Мамлекеттик тилди жасалма интеллект мейкиндигине киргизүү боюнча төрт этаптан турган долбоор иштелип чыкты. Мындай маалыматты Назаркул Ишекеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Ишекеев: көп тил билген жаңы муунду калыптандырышыбыз керек
Анын айтымында, жасалма интеллектинин натыйжасында текстти үнгө айландыруу, англис тилдүү маалыматтарды эркин пайдалануу, башка тилдерден кыргызчага которуу мүмкүнчүлүгү ачылат.
"Россияда пандемия учурунда жасалма интеллектини абдан жакшы демонстрациялашты. Биздин тил дагы бул мейкиндикке кириши керек. Ушул боюнча атайын долбоор иштеп чыкканбыз. Ал төрт этаптан турат. Мисалы, текстти үнгө айландыруу. Кыргыз тилинин тыбыштык түзүлүшүн, ыргагын, кайрыктарын табигый үн менен угуп, каалаган текстти алып өздөштүрүүгө болот. Долбоорго ылайык, көзү азиздер да компьютердин жардамы менен эне тилинде каалаган чыгарманы окуй алат. Программаны mamtil.kg сайтынан колдонууга мүмкүн. Мындан тышкары, тексттин маанисин толук түшүнүп, автоматтык түрдө башка тилдерге которуу мүмкүнчүлүгү жаралат. Эгерде англис тилиндеги маалыматтарды котормочусуз жасалма интеллекттик өндүрүшкө киргизсек, кыргыз тилинин лексикалык кору, маалыматтык булагы, таанып-билүүсү чоң мейкиндикке чыгат. Англис тилдүү маалыматты эркин пайдаланып калабыз. Көп тил билген жаңы муунду калыптандыруу жолу ачылат. Бул абдан чоң жетишкендик болор эле", — деди Ишекеев.
Ошондой эле жетекчи чет элдик жарандардын кыргыз тилин жеткиликтүү жана оңой өздөштүүрүүсү боюнча атайын санариптештирилген программа иштелип жаткандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0