Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жакыпов: Кыргызстанда хоккей боюнча машыктыруучулар жокко эсе

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин хоккей федерациясынын биринчи вице-президенти Муратбек Жакыпов
КРдин хоккей федерациясынын биринчи вице-президенти Муратбек Жакыпов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин хоккей федерациясынын биринчи вице-президенти Муратбек Жакыпов Кыргызстандагы хоккейдин өнүкпөгөндүгү спортчулардын системалуу машыгуусунун жоктугунда экендигин айтты.
Жакыпов: Кыргызстанда хоккей боюнча машыктыруучулар жокко эсе
Кыргызстандагы хоккейдин өнүгүшү үчүн кайдыгер карабаган адамдарды чогултуп, мүмкүнчүлүк түзүп берүү керек. Мындай пикирин Муратбек Жакыпов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, көтөрүлө турган негизги маселе — кесипкөй адистерди жана машыктыруучуларды даярдоо.
"Кыргыз хоккейинде жылыш бар. Бирок спортчулар үчүн толук кандуу шарт жок болуп жатат. Мунун баары көңүл кош мамиленин айынан келип чыгууда. Биз хоккей сүйүүчүлөрүнүн артынан түшүп, алардын арасынан мыктыларын тандап алышыбыз зарыл. Бул чоң көйгөйлөрдүн бири. Ага карабастан мамлекеттик жергиликтүү башкаруучулар спорттун өнүгүшү үчүн колдон келген салымын кошуп жатышат", — деди Муратбек Жакыпов.
Ошондой эле жетекчи хоккей боюнча мыкты машыктыруучуларды даярдап алсак, кийинки бир жарым жылда жыйынтыгы жакшы боло турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0