Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бектеналиев: жеке менчик киностудиялардын саны азайды

© Sputnik / Асель СыдыковаКинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев
Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев өлкөдөгү киностудиялар сапаттуу тасма жаратуу, көрүүчүлөрдү тартуу максатында аракеттерди көрө баштаганын айтты.
Бектеналиев: жеке менчик киностудиялардын саны азайды
10 жыл мурда Кыргызстанда киностудиялардын саны 70-80ге чейин жетип, сапатсыз тасмалар көрсөтүлгөн учур болгон. Бул тууралуу Мукталы Бектеналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кыргыз кино көрүүчүлөрү учурда сапаттуу, мааниси терең, патриоттук тасмаларды баалай башташты.
"Мындан 7-8 жыл мурда кыргыз киносунда кыйынчылык болуп, кинотеатрлардын акыбалы да жакшы эмес эле. Ар түрдүү тасмалар чыгып, жаштар алардан таасирленип калышты. Жадагалса киностудиялардын саны 70-80ге жетип, жылына 100дөн ашык тасма тартыла баштаган. Бара-бара азайып, сандан сапатка өтүп жатышат. Эгемендүүлүктү жаңы алган жылдары кыргыз киносу абдан оор сыноону баштан өткөрүп, бир дагы кино тартылбай, кинотеатрлар иштебей калган учурлар болгон. Ал эми азыр көрүүчүлөргө сапаттуу фильмдер тартууланууда", — деди Бектеналиев.
Ошондой эле жетекчи кыргызстандык режиссёрлор эл аралык кинофестивалдарда ийгилик алып келе турган эмгектерди жаратып жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0