Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Матмуратов: мартта Бишкектен Кореяга каттам ачууну пландап жатабыз

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаведующим отделом гражданской авиации Арзымат Матмуратов
Заведующим отделом гражданской авиации Арзымат Матмуратов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Транспорт жана жолдор министрлигинин Жарандык авиация жана суу транспорту бөлүмүнүн жетекчиси Арзымат Матмуратов учурда өлкө боюнча жалпы сегиз учак аба каттамдарын аткарып жатканын айтты.
2020-жылы Cap.kg жүк ташуучу авиакомпаниясы сертификациядан өтүп ишин баштады. Пандемияга байланыштуу жүк ташуучу каттамдарга суроо-талап өсүп кеткен эле. Буга чейин Turkish airlines авиакомпаниясы жүктөрдү ташып жаткан. Саамалык тууралуу Арзымат Матмуратов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Матмуратов: мартта Бишкектен Кореяга каттам ачууну пландап жатабыз
Анын айтымында, учурда Avia traffic company сырткы жана ички, ал эми Tez jet авиакомпаниясы ички учууларды аткарып жатат.
"Эл аралык бардык туруктуу аба каттамдар 2020-жылдын март айында эле токтогон. Республикалык штабдын чечими боюнча бир топ мамлекет менен чартердик каттамдар жана жүк ташуулар аткарылып жатты. Азыркы учурда деле Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск, Екатеринбург, Краснояркс, Сургут шаарына чартердик каттамдар учууда. Ички каттамдар толугу менен жанданды. 10-августтан бери Бишкек — Стамбул, Бишкек — Дубай аба каттамы иштеп баштаган, азырынча Бишкек — Шаржа жана Бишкек — Анталья убактылуу токтоп турат. Сентябрдан баштап Казакстан, Өзбекстан, Россияга рейстер ачылган. 2019-жылы "Абанын бешинчи боштондугу" долбоору ишке кирип, Аба кодексине өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, Бишкек — Шаржа, Ош — Кувейт, Алматы — Бишкек, Алматы — Ош, Бишкек — Тегеран рейси ачылган эле. Jazeera airways Бишкек — Кувейт рейсин ачууну пландап жатат. Андан тышкары, 2021-жылдын март айында Бишкектен Кореяга каттам ачууну карап жатабыз. Ошону менен бирге бул багытта Кытай, Сауд Аравиясы, Катар, Венгрия менен да кызматташабыз", — деди Матмуратов.
Ал "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда май куюучу жай курулганын жана "Манас-2" аэровокзалдык комплексти ишке киргизүү алдында турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0