Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамытов: пандемия учурунда мигранттар бири-бирин жакшы колдоду

Жазылуу
Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы Токон Мамытов пандемия учурунда чет мамлекеттерде жүргөн эмгек мигранттарынын укугун коргоодо алар өздөрү мыкты көмөкчү болгондугун айтты.
Россиянын жыйырмадай аймагында коомдук башталыштагы биздин өкүлчүлүктөр ачылды. Бул тууралуу Токон Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Мамытов: пандемия учурунда мигранттар бири-бирин жакшы колдоду
Анын айтымында, Акыйкатчы институтунун Россиядагы өкүлү болуп ошол жакта иштеп, жашап жүргөн эмгек мигранттарынан чыккан ыктыярчылар аталат.
"Пандемия учурунда башка өлкөлөрдө иштеп, жашап жүргөн мекендештердин укуктук маселелерин чечүүгө кайра эле өздөрү жардам берип жатышты. Курч абал түзүлгөндүгүнө байланыштуу маселени ыкчам чечүү зарылдыгы келип чыкты. Биз мамлекеттен каражат, штаттык бирдик сурабай эле эмгек мигранттарынын өздөрү менен көйгөйдү чече алдык. Ал жакта отурукташып калган, башка кыргызстандыктарга көмөк көрсөтө ала турган мигранттарга кайрылып, аларды өкүлүбүз деп таанып, тастыктоочу документтерди ыйгардык. Ошондой эле Россия Федерациясынын губернаторлоруна, Миграция кызматына, Ички иштер министрлигине ошол мекендештерибизди КРдин Акыйкатчы институтунун расмий өкүлү деп таанылуусу тууралуу кат жолдодук. Биз болгону ушуларды жасадык. Калганын ошол 20дай мекендеш өздөрү кылышты. Ижарага кеңсе алып, мекендештердин келип чыккан укуктук маселелерин биздин расмий кызматкерлердей чуркап жүрүп чечип берип жатышты. Аларга айлык акы деле төлөнбөйт. Негизги жумуштарын кое туруп бизге зор көмөк көрсөтүштү", — деди Мамытов.
Акыйкатчы мындай жардам көрсөткөн адамдар республиканын ичинде да көп болгондугун жана алар өздөрүн жарнамалоону каалабагандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0