Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Станалиева: адабиятта аты угулбаган калемгерлер түз эле роман жазууда

© Sputnik / Асель СыдыковаКандидат филологических наук Гульзада Станалиева
Кандидат филологических наук Гульзада Станалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-түрк "Манас" университетинин ага окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты, адабиятчы Гүлзада Станалиева учурда адабий айдыңда чыгармалар көп эле жаралып жатканын айтты.
Эгемендүүлүк алган жылдары тарыхый романдардын "буму" болду. Мындай пикирин Гүлзада Станалиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Станалиева: адабиятта аты угулбаган калемгерлер түз эле роман жазууда
Анын айтымында, айрым авторлор калемин такшалтпай эле роман жазууга белсенишкен.
"Эгемендүүлүк алган алгачкы жылдарда өлкөдө тарыхый романдардын "буму" болду. Себеби союз мезгилинде айтылбай, жазылбай турган тарых барактарын толуктоо жүрдү. Бул мыйзам ченемдүү эле нерсе. Баягы "айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле" дегендей, толуп ташып турган окуялар эң чоң жанр болгон романдарда чагылдырылды. Мезгилдин өзүнүн талабы бар. Ага жараша чыгармага тема коюлат. Бул процессти ушуну менен түшүндүрсөк болот. Ал эми сапат жагын өзүнчө кеп кылууга арзыйт. Себеби илгери көбү аңгеме жазып, ыр жазып, котормо менен калемин такшалтып, анан роман жазууга өтчү. Бул жерде бир жанр экинчисинен төмөн дегендик эмес. Болгону роман деген баары бир көлөмдүү, анын үстүнө тарыхый образдарды көркөмдөп жеткирип берүү зарыл. Айрым тарыхый чыгармалар менен тарыхый документалдык китептердин айырмасы билинбей калган учурлар болду", — деди Станалиева.
Адабиятчы соңку учурда адабий сын дагы аксап жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0