Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сайназаров: мектеп директорлорун тандоодо үч багытка көңүл буруу зарыл

© Sputnik / Жоомарт УраимовБилим берүү тармагындагы эксперт Кеңешбек Сайназаров. Архив
Билим берүү тармагындагы эксперт Кеңешбек Сайназаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү тармагындагы эксперт Кеңешбек Сайназаров мектеп директорлорун тандоодо үч багытка олуттуу көңүл буруу зарылдыгын айтты.
Сайназаров: мектеп директорлорун тандоодо үч багытка көңүл буруу зарыл
Мектеп окуучуларынын билим деңгээли жогору болсо, демек ошол окуу жайдын директорун мактасак болот. Мындай пикирин Кеңешбек Сайназаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, министрликтин мектеп директорлорун тандоодо койгон учурдагы талабы өтө эле жогору.
"Февраль айында мектеп директорлорун аттестациялоо жүрөрү айтылууда. Анда коюлган талаптар өтө жогору. Мектеп директорлору, албетте, мыйзамдарды билүүсү керек, бирок ал жетекчи катары тендер өткөрөт деп каржы багытындагы мыйзамдарды, Эмгек кодексин сурап отурбашыбыз керек. Булар кийинки маселелер болушу абзел. Мектеп директорун бекитерде негизинен үч маселеге көңүл буруп, биринчи кезекте билимге багытталган критерийлер турушу зарыл. Андан соң гана мыйзамдарды билүүсүн, уюштуруучулук талантын жана ата-энелер менен болгон мамилеси каралышы керек", — деди Сайназаров.
Серепчи билим деңгээлин көтөрүү олимпиада, ЖРТ сыяктуу көрсөткүчтөр менен ченелбеши керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0