Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Батырбекова: бала менен ачык, бирок токтоо сүйлөшүү керек

© Sputnik / Асел Сыдыкова"Данакер" үй-бүлөнү бекемдөө борборунун психологу Нуриза Батырбекова. Архив
Данакер үй-бүлөнү бекемдөө борборунун психологу Нуриза Батырбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Данакер" үй-бүлөнү бекемдөө борборунун психологу Нуриза Батырбекова авторитардык тартип менен тарбияланган балдар түнт, өзүнө ишене албаган адам болуп өсүшү мүмкүндүгүн айтты. 
Батырбекова: бала менен ачык, бирок токтоо сүйлөшүү керек
Ата-эне бала үчүн күзгү болот. "Өзүңдүн кандай экениңди билгиң келсе, балаңа кара" деген сөз жөн эле айтылып калган эмес. Мындай пикирин Нуриза Батырбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, баланы сөз менен айтып тарбиялоо аз натыйжасын берет.
"Бала тарбиялоодо ар ким өзү каалаган эрежелерди карманат. Айрымдары авторитардык режимди колдонуп, тартип, катаал мамиле менен, туура эмес кылган иштерин жазалап тарбиялашат. Тилекке каршы, мындай тарбия баланын чыгармачыл ой жүгүртүүсүн чектеп, анын чечкинсиз, түнт болушуна жол ачат. Ал эми айрым ата энелер либералдуу тарбиялоону кубатташат. Анда баланын көзүн карап, бардык каалоосун кынтыксыз аткаруу менен чүрпөсүнүн өзүмчүл, мерез адамга кантип айланып калганын өздөрү байкабай калышат. Андыктан бала тарбиялоонун азыркы заманга туура келген эң мыкты жолу авторитеттүү стиль деп аталат. Анда баланы урушпай, алдабай, каалоолору менен эсептешип, ошол эле убакта ачык сүйлөшүү керек. Эгер бала туура эмес иш жасап койгон болсо, үндү катуу чыгарып кыйкырбай же өктөм сүйлөбөй, тизелеп отуруп, анын бою менен тең абалга келип акырын, токтоо гана маселени түшүндүрүү маанилүү", — деди Батырбекова.
Психолог ата-эне баланы өз маанайына карап, кааласа эркелетип, көңүлү жок болсо кагып-силкип тарбиялоосу да анын кийин агрессивдүү, социалдык чөйрөгө аралашып кете албаган адам болуп чоңоюшуна шарт түзөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0