Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Туркебекова: 2020-жылы 13 000ден ашуун адам иш менен камсыз болду

© Sputnik / Асель СыдыковаЭмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Иш менен камсыз кылуу башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Наргиза Туркебекова
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Иш менен камсыз кылуу башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Наргиза Туркебекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Иш менен камсыз кылуу башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Наргиза Туркебекова 2020-жылы аталган мамлекеттик органда жумушка орношуу боюнча каттоодо тургандардын саны жети пайызга өскөнүн айтты.
Туркебекова: 2020-жылы 13 000ден ашуун адам иш менен камсыз болду
2020-жылы министрлик 13 000ден ашуун кыргызстандыкка жумушка орношууга көмөкчү боло алды. Бул тууралуу Наргиза Туркебекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эми иш издөөчүлөр аталган мекеме иштеп чыккан электрондук порталды колдонуу менен каттоого тура алышат.
"2020-жылы пандемияга байланыштуу көптөгөн мекемелер өз ишин токтотуп жана кыскартууларга туш болду. Ага кошумча республикага кайткан эмгек мигранттарынын да саны көбөйдү. Ушул себептен улам иш издеп министрликке кайрылгандар жылдагыдан жети пайызга жогорулады. Ошол эле учурда министрлик каттоодо турган 13000ден ашуун жарандын жумушка орношушуна жардам берди. Эми кыргызстандыктар ишке орношуу үчүн мурдагыдай болуп район, шаарларыбыздагы өкүлчүлүктөргө келбей эле http://zanyatost.kg/ порталы аркылуу электрондук кезекке туруп койсо болот", — деди Туркебекова.
Адис учурда республикада иш издеп каттоого тургандар бир бош орунга 32 талапкер туура келерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0