Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акыйкатчы: абактагы саясатчылардын "мени пиар кылба" деп каккандары бар

Жазылуу
Акыйкатчы Токон Мамытов өзү жетектеген мекемеде санариптештирүү алкагында бир топ көйгөй бар экендигине токтолду.

Санариптештирүү жакшы кадам. Өзгөчө мекемелер ортосунда документ алмашууда ыкчамдыкты, ачыктыкты камсыз кылат. Мындай пикирин Токон Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Акыйкатчы: абактагы саясатчылардын "мени пиар кылба" деп каккандары бар

Анын айтымында, Акыйкатчы институту укуктук маселелер боюнча иш алып баргандыктан санариптештирүү алкагында көйгөйлүү маселелер жаралууда.

"2020-жыл балдарды колдоо жана санариптештирүү жылы деп аталды. Анын алкагында мамлекеттик мекемелер иш кагаздарын электрондоштурушу зарыл эле. Бирок биздин мекеме бул багытта айрым көйгөйлөргө кептелип калып жатат. Адам укугу менен иш алып баргандыктан айрым жакыны менен соттошкон, араздашкан адамдар же абакта отурган белгилүү саясатчылар менен биздин институттун иштешүүсү ачыкка чыкпай, айрымдары каттоого албай эле коюуну өтүнүүдө. Ал тургай "жолдош Мамытов, менин аркам менен өзүңөргө пиар жасабай эле койгула" деп так кесе айткан саясатчылар да бар. Акыйкатчынын иши ушундай экен, биз баарынын ою менен эсептешип, ар бир кайрылган жарандын укугун сыйлашыбыз керек", — деди Мамытов.

Акыйкатчы маалымат калтыргысы келбегендерди өзүнчө, каршы болбогондорду алардан бөлүп маалыматтык база түзүү аракеттери каралып жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0