Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мукамбетов: пенсиянын топтомо бөлүгүн ипотека үчүн колдонсо болот

© Sputnik / Табылды КадырбековСоциалдык фонддун маалымат кызматынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов. Архив
Социалдык фонддун маалымат кызматынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык фонддун маалымат кызматынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов өкмөттүн токтому менен топтомо фонддун каражатын кайтарып берүү эрежелерине өзгөртүү киргизилгенин белгиледи.
Мукамбетов: пенсиянын топтомо бөлүгүн ипотека үчүн колдонсо болот

Быйыл ипотека алуу үчүн 20дан ашуун адам пенсиялык топтомун алды. Бул тууралуу Жеңишбек Мукамбетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, пенсияга топтолуп жаткан каражаттын эсебинен ипотекалык кредиттин алгачкы төлөмүн төгүү үчүн пайдаланса болот.

"Өкмөттүн токтому менен топтомо фонддун каражаттарын кайтарып берүү эрежелери өзгөртүлгөн. Буга чейин жашы пенсия курагына жеткендер, чет мамлекетке туруктуу жашоо үчүн көчүп кеткендер жана каза болуп калган адамдын мураскерлерине төлөнүп берилчү. Анан кайрылууларды талдап көрсөк, жаштардын көпчүлүгү турак жайга муктаж экен. Мындан улам пенсиянын топтомо бөлүгүнө өзгөртүү киргизилди. Учурда топтомо фонддогу каражат 50 миң сомдон ашса, ипотекалык насыя алууга колдонууга болот. Бул 50 миң сом ипотеканын алгачкы төлөмүнүн минималдуу көрсөткүчүнө туура келет. Быйыл 20дан ашык жаран бул укуктан пайдаланды. Мындан тышкары, катуу дартка чалдыгып калгандар канча топтому болсо ошону алса болот, суммасына чек коюлбайт. Кайсы ооруга чалдыккандар ала алыша тургандыгы Саламаттык сактоо министрлиги менен такталган тизмесинде көрсөтүлгөн. Бирок бул каражат дарылап жаткан мекеменин же банктын эсебине которулуп, жарандардын колуна берилбейт", — деди Мукамбетов.

Ошондой эле ал топтомо фонддун каражаты кайтарылган соң пенсияга кайра башынан топтолорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0