Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Муканбетова: коронавирус учурунда IT тармагы тездик менен өстү

© Sputnik / Асель СыдыковаКыргызстандагы IT-компаниялар ассоциациясынын аткаруучу директору Ширин Муканбетова
Кыргызстандагы IT-компаниялар ассоциациясынын аткаруучу директору Ширин Муканбетова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы IT-компаниялар ассоциациясынын аткаруучу директору Ширин Муканбетова пандемия учурунда IT тармагына көңүл буруу маанилүү экенин айтты.
Муканбетова: коронавирус учурунда IT тармагы тездик менен өстү

Кыргызстан океанга, деңизге чыгуу сыяктуу табигый мүмкүнчүлүктөр жагынан чектелгендиктен адам ресурсун пайдаланып, жаңы технологиялык заманда илим, билимге умтулушу керек. Мындай пикирин Ширин Муканбетова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандык IT-адистер дүйнөлүк ири компанияларга сапаттуу продукция сата баштады.

"Кыргызстанда адам ресурсу баалуу болгондуктан жаштарды IT тармагына үйрөтүп, башка өлкөлөр менен иштешип акча табуу жолун көрсөтүүдөбүз. Бул багыттагы адиске өз ишин алып баруу үчүн эч кандай чыгымдын кереги жок. Негизгиси тажрыйба, билим, компьютер жана интернет болсо жетиштүү. 2008-жылдан бери кыргыз жаштарын кызыктырып жатабыз. Ал эми 2011-жылы Жогорку технологиялар паркы негизделип, биздин жаштар IT-кызматты, IT-продуктуну экспортко чыгара башташты. Ошол учурда мыкты адистердин жетишсиздиги абдан байкалган. Алсак, мектептерде, ЖОЖдордо бул тармак боюнча сапатсыз билим берилип, көп көңүл бурулбай келген. Буга байланыштуу сапаттуу билим берген атайын курстарды ачып, аракеттерди көрүп келдик. Көбүнчө ата мекендик IT-компаниялар аутсорсингдик негизде иш алып барышат. Мисалы, башка ири компаниялар кыргызстандык адистерге буйрутма беришет. Ага жараша биздин адистер система, платформа, программаларды жасашат", — деди Муканбетова.

Ошондой эле ал кыргызстандык адистер чет мамлекеттерден бизнес процессиндеги автоматташтыруу, билим берүү, медицина, банк жаатында жана кардарлар менен иштөө платформаларын түзүү боюнча буюртмаларды алышарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0