Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ташбаев: мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн 90 млн. сом казынага түшкөн

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун статс-катчысы Илияз Ташбаев
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун статс-катчысы Илияз Ташбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун статс-катчысы Илияз Ташбаев мүлктү ижарага берүү аукцион аркылуу жүргүзүлө баштаганы бюджетке түшүп жаткан каражат кыйла жогорулаганын айтты.
Ташбаев: мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн 90 млн. сом казынага түшкөн

Быйыл акционердик коомдордун дивидендинен 2 миллиард 175 миллион сом, мамлекеттик ишканалардын пайдасынан 511 миллион сом, ал эми ижарадан 90 миллион сом казынага түшкөн. Бул тууралуу Илияз Ташбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик мүлктү ижарага берүү аукцион жолу менен ишке ашырылат.

"Мамлекеттик мүлктү башкаруу маселелери буга чейин орчундуу болчу. Анткени мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдө, кайсы бир мамлекеттик мекеме, ишкана өзүнүн балансындагы мүлктү ижара алуучу менен тикелей келишим түзчү. Натыйжада мамлекеттин карамагындагы имараттарды фонд анча көзөмөлгө алчу эмес. Жакында эле бул багыттагы аракеттерди системалаштыруу боюнча бир катар чаралар көрүлгөн. Мисалы, "Аукциондук борбор" мекемеси түзүлдү. Эми бардык ижарага бериле турган мүлк сынак аркылуу, электрондук аукцион жолу менен ишке ашырылат. Мында ким жогорку бааны сунуштаса, ошого берилет. Бул жобо иштеп баштаганы бюджетке түшкөн каражат бир топ өстү. Быйыл акционердик коомдордун дивидендинен 2 миллиард 175 миллион сом, мамлекеттик ишканалардын пайдасынан 511 миллион сом, ал эми ижарадан 90 миллион сом казынага түшкөн", — деди Ташбаев.

Аткаминер Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду мамлекеттик үлүшү бар коомдордун негизги акционери болуп саналарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0