Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Каримов: кырсыктардын саны өткөн жылга салыштырмалуу азайды

© Sputnik / Табылды КадырбековӨКМдин Калкты жана аймакты коргоо башкармалыгынын башчысы, подполковник Дайырбек Каримов
ӨКМдин Калкты жана аймакты коргоо башкармалыгынын башчысы, подполковник Дайырбек Каримов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин Калкты жана аймакты коргоо башкармалыгынын башчысы, подполковник Дайырбек Каримов өзгөчө кырдаалдардан тышкары түрдүү кырсыктардын саны былтыркыга караганда аз экендигин айтты.
Каримов: кырсыктардын саны өткөн жылга салыштырмалуу азайды

Өлкө боюнча 2019-жылы катталган түрдүү кырсыктар 7244, ал эми быйыл 4817 болду. Ал эми көз жумгандардын саны 369 адамга жетти. Бул тууралуу Дайырбек Каримов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу ӨКМдин негизи багыттарынын бири.

"Өзгөчө кырдаалдар жана кырсыктар боюнча статистикага токтолсок, куткаруу иштери, өрт жана башка окуялардын саны 2019-жылы 7244 болсо, быйыл 4817 кырсык катталган. Бул мурдагыга салыштырмалуу аз. Тилекке каршы, кырсыктан көз жумгандар да бар. 2020-жылы өзгөчө кырдаалдардан 1363, эми ар кандай кырсыктардан 369 адам каза болду. Көз жумгандардын санынын арбындыгы коронавируска байланыштуу. Жалпы Кыргызстан боюнча өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу ӨКМге жүктөлгөн. Бул багытта атайын мониторинг жүргүзүү божомолдоо департаменти бар. Адистердин жардамы менен кайсы аймактарда кооптуу жерлер бар экенин изилдеп чыгабыз. Алардын саны учурда 5000ден ашык. Аталган департаменттин адистери, райондук бөлүмдүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматташуусунда сегиз жумушчу топ түзүлүп, жалпысынан 840 изилдөө иши жүргүзүлдү", — деди Каримов.

Ошондой эле жетекчи ӨКМде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерди жоюу, авариялык абалда калган объектилерди калыбына келтирүү жана капиталдык курулуш боюнча жумуштарды аткарарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0