Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Зарыпбек уулу: Балыкчыда күнүнө 25-30 тонна эт чыгара турган комбинат курулууда

© Sputnik / Асель СыдыковаБалыкчыда сегиз миллион долларга эт комбинатын куруп жаткан ишкер Марат Зарыпбек уулу. Архив
Балыкчыда сегиз миллион долларга эт комбинатын куруп жаткан ишкер Марат Зарыпбек уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балыкчыда сегиз миллион долларга эт комбинатын куруп жаткан ишкер Марат Зарыпбек уулу өлкөнү сапаттуу эт менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты.
Зарыпбек уулу: Балыкчыда күнүнө 25-30 тонна эт чыгара турган комбинат курулууда

Күнүнө 25-30 тонна эт чыгара ала турган заманбап комбинат курулууда. Бул тууралуу Марат Зарыпбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маалымдады.

Анын айтымында, бул долбоор аймактарды өнүктүрүүгө багытталган.

"Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облусуна жакын жайгашкан Балыкчы шаарында сегиз миллион долларлык эт комбинаты курулууда. Ал заманбап технологиялар менен иш алып барып, жогорку сапаттагы эт өндүрөт. Комбинатта сегиз сааттык иш графигинде 100 бодо мал, 1000 баш майда жандык союуга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Өлкөдө малдын саны өсүп, этке болгон муктаждык жогоруласа, үч нөөмөттө  иш алып барып, күнүнө 25-30 тонна эт чыгарууга мүмкүн болот. Аталган комбинат ишке кирсе, башында 50гө чукул адам туруктуу жумуш менен камсыздалат. Мындан тышкары, 1000ге чукул фермерлер менен кыйыр түрдө иш жүргүзүлөт. Тактап айтканда, аларды малды туура багууга үйрөтүп, кайра ошолордон сырье алууну пландап жатабыз", — деди Зарыпбек уулу.

Ишкер бул комбинатты куруу үчүн Орус-Кыргыз фондунан үч миллион доллар насыя алганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0