Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамытова: "100гө чукул режиссёр "Үмүт" кинофорумуна катышуу ниетин билдирди

© Sputnik / Асель СыдыковаКРдин Кинематография департаментинин кинематографияны өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Элвира Мамытова
КРдин Кинематография департаментинин кинематографияны өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Элвира Мамытова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин Кинематография департаментинин кинематографияны өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Элвира Мамытова "Үмүт" кинофорумуна 100гө чукул жаш киночулар катышуу ниетин билдиргенин айтты.
Мамытова: "100гө чукул режиссёр "Үмүт" кинофорумуна катышуу ниетин билдирди

Эл аралык "Үмүт" жаш киночулар форуму быйыл сегизинчи ирет өткөнү турат. Ал 2013-жылы түптөлгөн. 2016-жылдан бери эл аралык аренага чыкты. Бул тууралуу Элвира Мамытова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган кинофорум 22-25-декабрь күндөрү өтүп, конкурстук тасмалардан тышкары, иш-чаранын жүрүшүндө "Марьям", "Цар-птица" жана "На дальних рубежах" кинокартиналары "Ала-Тоо" кинотеатрында көрсөтүлөт.

"Быйыл пандемияга карабастан форумду үзгүлтүккө учуратпай өткөргөнү турабыз. Себеби конкурска катышуу үчүн жаш киночулар тарабынан 100дөй билдирүү келди. Алардын ичинен эл аралык конкурска 14, ал эми улуттук сынакка 17 тасма тандалып алынды. Быйыл Казакстан, Өзбекстан, Россия, Армения, Саха жана Ирандын режиссерлору эл аралык сынакка катышып, алардын келиши күтүлүүдө. Бизде эки калыстар тобу бар. Салтка айланып калгандай эле эл аралык конкурсту биздин кино таануучулар, тагыраагы, Султан Усувалиев, Асел Шерниязова, Самара Сагынбаева, Нуржамал Карамолдоева жана Жазгүл Ибраимова карашат. Эл аралык калыстар тобунда Казакстан, Өзбекстан, Россиядан келген режиссер, адистер Эдуард Новиков, Мария Костюкович, Ануар Кенжебаев, Ержан Жумабеков жана Шарипа Уразбаева болот. Бул топ кыргызстандык режиссерлордун тасмаларын көрүп, мыктысын тандашат. Бул жылы ар бир категориядан үч мыкты чыгарма аталып, аларга статуэтка, диплом ыйгарылат. Акчалай сыйлык каралган эмес", — деди Мамытова.

Ал кинофорум Мамлекет аралык гуманитардык кызматташтык фонду тарабынан каржыланып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0