Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бектенов: быйыл да Нарын дарыясына суу аз келди, бирок жарык өчүрүлбөйт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Электр станциялары" ААКсынын башкы директорунун биринчи орун басары Таалайбек Бектенов. Архив
Электр станциялары ААКсынын башкы директорунун биринчи орун басары Таалайбек Бектенов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Электр станциялары" ААКсынын башкы директорунун биринчи орун басары Таалайбек Бектенов былтыркыдай эле быйыл дагы Нарын дарыясына суу аз келгенин айтты.
Бектенов: быйыл да Нарын дарыясына суу аз келди, бирок жарык өчүрүлбөйт

Бүгүнкү күндө "Токтогул" суу сактагычында суунун көлөмү 13 миллиард 98 миллион кубометрди түзөт. Мындай көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 2 миллиард кубометрге аз. Бул тууралуу Таалайбек Бектенов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бардыгы кышка жүз пайыз даяр жана ар бир ишканага кышка даярдыгы бар деген паспорт берилди.

"Кыргызстанда электр энергиясынын 90 пайызы ГЭСтерден өндүрүлөт. Ал эми 10 пайызы ЖЭБ, чакан ГЭСтерден алынат. Былтыркыдай эле быйыл дагы Нарын дарыясына суу аз келди. Кыргызгидромет суунун кириши 96 пайыз болот деп божомол берген, бирок 90 эле пайыз болуп калды. Ага карабастан кышында электр кубатын берүүнү үзгүлтүккө учуратпайбыз. Суук мезгилде жылуулук берүү боюнча да жалпы даярдык көрүлдү. Алсак, Таш-Көмүр ГЭСинде биринчи, Үч-Коргондо экинчи агрегат ири оңдоп-түзөөдөн өттү. Ал эми Бишкек ЖЭБинде эки буу казаны жана труба агрегат оңдолду. Оштун ЖЭБинде да эки буу казаны оңдолду. Отун маселесине келсек, Бишкектеги ЖЭБге 350 миң тонна жогорку кубаттуулуктагы жана калориядагы импорттолгон көмүр, 700 миң тонна жергиликтүү Кара-Кеченин жана 60 тонна Таш-Көмүрдүн көмүрү келиш керек. Бул багытта келишимдер түзүлгөн. Азыр график боюнча көмүр үзгүлтүксүз келип жатат. Ошондой эле резервдик май катары Бишкектеги станцияда төрт, ал эми Ош ЖЭБинде 20 миң тонна мазут камдалды", — деди Бектенов.

Ал кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөп пайдаланууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0